АКШнын өкүлү: «Негизсиз нерселер менен алектенип, дүйнөгө шерменде болдук!»

386
0

АКШнын өкүлү: «Негизсиз нерселер менен алектенип, дүйнөгө шерменде болдук!»

Үч жолу АКШ президентине кеңешчи болгон саясатчы Патрик Бьюкенен, “The American Conservative” гезитине жазган макаласында Америкадагы ички саясий кырдаалды сындады.

“Биз бул олуттуу дүйнөдө негизсиз нерселер менен алектенип, олуттуу болбогон мамлекетке айландык жана дүйнөгө шерменде болдук”, – деп жазды Бьюкенен.

Бьюкенендин айтышынча, “демократия жыргалчылык булагы” деген сөз жокко чыгып барууда. Анын белгилешинче, күндөн-күнгө өнүгүп бара жаткан Кытай мамлекети бир партиялуу режим менен да супер күчкө айланышы мүмкүн экендигин жана демократиялык система экономикалык өнүгүүнүн негизги шарты эместигин далилдеген.

АКШ Франциянын экинчи дүйнөлүк согуштан мурунку абалына түшүп бара жатканына көңүлдү бурган Бьюкенен: “Заманбап Американын демократиясы дүйнөнү өзүнө тартуу үчүн эмне кыла алышы мүмкүн? Кандай күчү бар?” – деген суроону койду.

“Америкалыктардын айтымында, АКШнын күчү анын ар түрдүүлүгүндө. Акыры Европа бул ар түрдүүлүктөн кандай кутулуу жөнүндө баш катырып жаткан жокпу?” – деп кошумчалады Бьюкенен

Саясатчы жана журналист Патрик Бьюкенен – “Республикачылар” партиясынын оңчул фракциясынын идеологдорунун бири. Ал буга чейин, АКШнын мурдагы үч президентинин, башкача айтканда, Ричард Никсон, Жеральд Форд жана Рональд Рейгандын кеңешчиси жана маалымат катчысы болуп иштеген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here