Кыргызстан парламенти экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуучу мыйзам долбоорун макулдады

416
0

Кыргызстан парламенти экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуучу мыйзам долбоорун макулдады

“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору 13-декабрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзамга 100 депутат “макул”, эки депутат “каршы” добуш берди.

 Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренеси Конституцияга жана айрым нормаларга карама-каршы келет.

Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, кызматтан кеткен президентти кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк ачылат, анын үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө токтотулат жана көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүн өмүр бою кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу жөнүндө талап да алынып салынат. Ошондой эле ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here