Трамп менен Си Цзиньпин келишип алды

Трамп менен Си Цзиньпин келишип алды

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен Буэнос-Айрестеги жолугушуудан кийин Кытайга карата кошумча тарифтерди киргизбестикке токтом кылды.

“Reuters” агенттиги  Ак үйдүн маалымат кызматына таянып: “Алар кеминде 90 күн ичинде жаңы тарифтерди киргизбестикке токтом кылышты”,-  деп кабарлады.

Буга чейин АКШ жалпы көлөмү 200 млрд доллар болгон Кытай товарларына 1-январдан баштап 25 пайыздык тариф киргизүүнү көздөп жаткан. Бирок, Трамп чечимин өзгөрттү. “Синхуа” маалымат агенттигинин кабарлашынча, Кытай менен АКШнын жетекчилери бардык кошумча тарифтерди жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө келишип алышты.

“Синхуа” агенттиги тышкы иштер министрлигине таянып:  “Кытай жана АКШ бардык тарифтерди жокко чыгарууга каратылган сүйлөшүүлөрдү тездетет”, -деп кабарлады.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШ менен Кытайдын өлкө башчылары “ыңгайлуу учур келгенде”  бири-бирине расмий сапар менен барууга келишип алышкандыгын айтты.  “Төрага Си Цзиньпин жана АКШ президенти Дональд Трамп ыңгайлуу учур келгенде бири-бирине расмий сапар менен барууга келишип алышты”, – деди Ван И.

Трамп менен Си Цзиньпин “эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга” келишип алышты.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago