Жогорку Кеңештин комитети экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду

315
0

Жогорку Кеңештин комитети экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду

Кыргызстан парламентинин комитети  экс-президенттерден кол тийбестик макамын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Аталган мыйзам кабыл алына турган болсо, экс-президент Алмазбек Атамбаевди сот жообуна тартууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

27-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети аталган мыйзам долбоорун жактырды.

Аталган мыйзам долбоору экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси бузулган бир учурда иштелип чыкты.

Кыргызстанды 2011-жылдан 2017-жылга чейин башкарган Атамбаев бир топ күн мурда Жээнбековго каршы оппозицияга өткөнүн жарыя кылган.

Жээнбеков бийликке келгенден кийин, Атамбаевдин адамдары болгон мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевдер коррупцияда айыпталып, камакка алынышты. О.э. Атамбаевге жакын бир нече чиновник жумуштан алынды.

Туркистон:

Кыргызстандагы бардык президенттер, бири да калбастан, кылмыш  жообуна тартылып жатышат. Бирок, жаңы келген президенттер кайра эле мурункулардай болуп кылмыштуу иштерди улантууда. Эмнеге мындай болуп жатат?

Адамдар жана саясатчылар бул абалдан кутулуу максатында, дагы кайрадан жаңы жетекчи издеп, кайра эле мурункусунан айырмаланбаган, балким андан да жаманыраак жетекчиге дуушар болушууда. Эмне үчүн мындай болуууда? Эмне үчүн жашоодо жаман жагы көрүнбөгөн саясатчы, жетекчиликке келери менен канкор, коррупционер жана дагы башка терс касиеттерге ээ болгон адамга айланып калууда? Качанкыга чейин ушундай көрүнүштө  т.а.  дайым жаңысынан үмүттөнүп, бийликти саясатчылардын напсине коюп берип, мамлекет жана үммөттүн мүлкүн куфрга талатып, өзүбүз алардын зулуму астында жашай беребиз?

Проблеманын негизи ички саясатыбызда эмес.Тескерисинче, тышкы дүйнөлүк системанын бизге белгилеп берген башкаруу түзүмүнүн кесепетинен болууда. Алар бизде кылмыш кылып качып кеткен жетекчилерибизди кайтарып беришпейт. Элди алдоо менен куфр кызыкчылыгын ишке ашырып, ошону менен бирге өз кызыкчылыктарына да ээ болуп алган мурунку жетекчилерди, ал тургай соттун өкүмүнөн кийин да кайтарып бербей жатышат. Башкача айтканда, мурдагы президенттерибиздин кылмыштары сотто далилденгенден кийин да бизге кайтарып беришпеди. Биздин саясатчыларыбыз, ал тургай, эл аралык саясаттын бул чечимине нааразы болуп коюшпады. Демек, дүйнөлүк система жетекчи мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылат. Жетекчи мамлекеттер болсо, аларга кызмат кылган манкурт кызматкерлерди (президенттерди), кыянат кылган мамлекеттерине кайтарып беришпейт. Бул система кийинки келген манкурт саясатчынын коркпостон кыянат кылышына дем берет.

Саясий элита болсо, кийинки жетекчинин кыянаттарына таңданып, кайсы жерден ката кетти экен деп, ички саясий башкаруу системасында дагы кандайдыр реформаларды жүргүзүп, өздөрүн да о.э. ээрчиген калкты да алдап жүрө берет!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here