Жээнбеков Кыргызстандын саясий элитасыбири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керектигин билдирди

323
0

Жээнбеков Кыргызстандын саясий элитасыбири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керектигин билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин экс-спикерлери жана экс-премьер-министрлер менен жолугушуу учурунда: “Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот”, – деди.

О.э. “жолугушуунун башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулоо” экендигин айтты.

Президенттин айтымында, келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түмөндөгөн чакырыктар күтүлүүдө.

“Сиздер Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкансыздар. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар. Бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

“Сиздер жакшы билесиздер, саясий элитасы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги принциптери боюнча орток пикирге келе алган мамлекеттер чоң ийгиликтерге жетишкен. Алар деле талашып-тартышкан, бири-бирин аябай сындаган. Бирок, өлкөнү өнүктүрүүгө келгенде баары жалпы бир мегабагытка карата бир пикирде болушкан. Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Азыр Кыргызстанда бардык коомдук-саясий күчтөрдүн катышуусу менен чече турган көйгөйлөр жана олуттуу маселелер көп. Сиздер мына ушул маселеде данакерлик вазийпаны аткара аласыздар деп ишенем», – деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы диалогду, кызматташтыкты илгерилетүүгө даярмын. Жеңил пиардан жана пайдасыз чыр-чатактардан алысмын. Сындан да качпайм, деп белгиледи.

Туркистон:

Президент Жээнбеков акыры саясий элитага кайрылууга мажбур болду. Бир жылдык президенттиги учурунда дээрлик эч кандай реформа же экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдү ишке ашыра албаган президент, жылдык отчёттун убагы келгенде өзүнүн ыйгарым- укуктарын саясий элита өкүлдөрү менен бөлүшмөкчү болгондой тактиканы колдонууда. Атамбаев жана анын тарапкерлери, президенттин жылдык отчётун талап кылган курултай уюштуруп жатышат. Жээнбеков эл алдында жалган популисттик отчёт берүү жараянынан чочулап калды. Башкача айтканда, Атамбаевдин ушул күндөрдө саясатка кайтып, оппозициянын жетекчиси катары кирип келерин жарыя кылышы аны коркутуп койду.

Жээнбеков бир жылдын ичинде Кыргызстан саясий элитасын аралаштырбастан, өз алдынча саясат жүргүзмөкчү болду. Ал бир жылдын ичинде көзгө көрүнө турган бирер иш кыла албады. Айланасында майда, көзгө көрүнбөгөн, таанылбаган, бирок итааткөй саясатчылар чогулуп калды. Эсиңиздерде болсо, Атамбаев да эски элита өкүлдөрүн саясаттан четтетип, кудум ушундай жол менен кеткен эле. Кечээ күнү президент, элита өкүлдөрүн жана мурдагы премьер-министрлерди чогултуп, аларды иштешүүгө чакырды. Демек, Жээнбеков Кыргызстандын саясий элитасы Атамбаев тарапка өтүп кетишинен тынчсыздана баштады. Т.а. алар Атамбаев тарапка өтүп кетпесе да, кырдаалга туура баа берүү менен коомду козгоп жибериши мүмкүн.

Тегерек столдогу жолугушууда Мадумаров жана башка бир катар саясатчылар жаңы бийликтин саясий багытын ачык талкуулашты. Ооба, бул саясатчылардын саясатта өз ордулары бар болуп, алар менен президент азыркыдай эркин ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт. Президенттин үй-бүлөлүк башкаруу системасын улантышы да жеңил болбойт. Ошого карабастан, кеч болсо да президент алардан жардам суроого мажбур болду.

Атамбаев менен Жээнбеков бири-бири менен күрөшүп жатып, кудум өзү менен өзү күрөшүп жаткандай болушууда. Алар мурдагы ар бир кылмышын биргеликте ишке ашырышкан, же болбосо, жок эле дегенде кабардар болуп туруп сүкүт сактоого ыраазы болушкан. Эми ошол кылмыштарда бири экинчисин айыптап жатып, өзүн актамакчы болушууда. Бул болсо, кылмышты моюнга алуу болуп, бирок кырдаалдан пайдаланып, актанып чыгып кетүүгө аракет кылынып жаткандыгы ачык көрүнүп турат. Демек, иш кылмышка каршы аракет негизинде жүрүп жаткан жок. Тескерисинче, өз кылмыштарын шеригине жүктөп жиберүү, коомду бири-бирине каршы багыттоо жолунда бир тарап чуу көтөрүп жатса, экинчи тарап колундагы бийликтен кыянаттык менен пайдаланууга аракет кылып жатат. Бузук элита өкүлдөрү болсо, ким тараптан кандай пайда келиши мүмкүн экендигин эсептеп отурушат!  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here