Нетаняху: Халифалык мамлекетинин кулашы яхудийлердин өнүгүшүнө шарт түздү
Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу Биринчи дүйнөлүк согуш аякташынын 100 жылдыгына карата өз оюн билдирди.
Нетаняху өзүнүн көз карашын билдирип: “Биринчи дүйнөлүк согуш Усман империясын жок кылды жана сионисттик аракеттин өнүгүшүнө шарт түздү”, – деди.
Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү берген Нетаняху кошумчалап: “Жүз миңдеген яхудий согушкерлер катышкан ал согуш калкыбыз үчүн тарыхый мааниге ээ”, “Бул келечектеги өнүгүүнүн белгиси болчу, ал кезде өзүбүздү коргоо үчүн биздин мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү эле”, – деди.
Халифалык мамлекети Усманийлер колуна өткөндөн кийин бүтүндөй ислам дүйнөсүн 600 жыл Батыштан коргоп келди. Бирок, Британия менен келишим түзгөн Нажд араб уруулары Усманий Халифалык мамлекети кулашында өтө чоң рол ойношту.
Нажд “уламалары” назарында Усманий султан “динсиз” деп этибар кылынып, ал эми Усманий халифалык мамлекети болсо, куфр мамлекети катары кабыл алынган эле.
Томас Эдвард сыяктуу Халифалык мамлекетинин Жакынкы Чыгыштагы аймагына көз арткан “актёр” лор Нажд мектебинен пайдалангандыгы бизге тарыхий булактардан белгилүү.
Халифалык мамлекети ички жана тышкы душмандардын колу менен кулатылгандан кийин, 1948-жылы ыйык жерден яхудийлерге жер бөлүп берилди.