“Талибан” Москвадагы жолугушууга катыша турган өкүлдөрүнүн тизмесин жарыя кылды
“Талибан” кыймылы 9-ноябрда Афганистан маселеси боюнча Москвада болуп өтүүчү жолугушууга катыша турган делегаттардын тизмесин жарыя кылды.
Аталган делегацияда 5 адам болот. Алар: Хожи Мухаммад Аббас Станикзай, Мавлави Салам Ханафи, Шайх-ул-Хадис Мавлавий Шахобиддин Дилавар, Мавлави Зиё-ур-Рахмон Мадани жана Хожи Мухаммад Сухайл Шахин.
“Талибан” жолугушууга Россиянын чакыруусуна ылайык катышат.
Кабарда келишинче, “Талибан” жолугушууда Афганистандагы кырдаал боюнча өзүнүн позициясына айкындык киргизип алмакчы жана учурдагы проблемалар тынч жол менен чечилишинен үмүттөнүүдө. Мындан тышкары, талиптердин расмий Кабулдун делегациясы менен бир да сүйлөшүү өткөрүү ниети жок.
Буга чейин кеңешүүлөргө Афганистан, Өзбекстан, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстандын жана АКШнын өкүлдөрү чакырылгандыгы айтылган эле. “Талибан”дын саясий кеңешинин делегациясы эл аралык жолугушууга алгачкы жолу катышып жатат.
Жабык форматтагы жолугушуу Москвадагы “Президент-отел”де тышкы иштер министрлери жана атайын өкүлдөр деңгээлинде болуп өтөт. Жолугушуунун жыйынтыгында бирер документке кол коюу пландаштырылган эмес.
РФ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова бейшемби күнү: “Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 9-ноябрь күнү талиптер катыша турган Москва форматындагы жыйында сөзгө чыгат”, – деп кабарлады.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…