Россия Кытайга курал жеткирип берүү боюнча жаңы келишимдерди түздү

396
0

Россия Кытайга курал жеткирип берүү боюнча жаңы келишимдерди түздү

“Ростех” делегациясынын жетекчиси Виктор Кладов Чжухайдагы көргөзмөдө берген интервьюсунда, Москва менен Пекин Россияда чыгарылган куралдарды жеткирип берүү боюнча кезектеги келишимди түзгөндүгүн билдирди. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.

Кладов: “Биз Кытай менен аскерий-техникалык кызматташтыктын бардык тармактарында активдүү кызматташып жатабыз. С-400 жана Су-35 боюнча келишимден  тышкары дагы башка көптөгөн долбоорлор бар. Биз жакында Кытай тарап менен дагы үч келишим түздүк”, – деди.

Чжухайда “Airshow China-2018” авиакосмикалык көргөзмөсү болуп өтүүдө. Аталган көргөзмө 6-ноябрдан 11-ноябрга чейин болуп өтөт.

Кытайга 24 даана Су-35 учактарын жеткирип берүү туурасындагы келишим 2015-жылы түзүлүп, 2019-жылы ишке ашырыла турган болгон.

О.э. ошол эле жылы С-400 ракеталык комплексин жеткирип берүү боюнча келишим түзүлгөн. Бул ракета комплекси 2020-жылга чейин жеткирип берилиши керек.

Мындан тышкары, Москва Мьянмага 6 даана Су-30СМ учактарын жеткирип берет. Келишимдер үстүбүздөгү жылы ишке ашырылат. О.э. 6 даана Як-130 аскерий учагын жеткирип берет.

“Рособоронэкспорт”  чет өлкөгө курал сатуу боюнча планды 13,4 миллиард доллар өлчөмүндө ишке ашырат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here