Жеффри: Стамбул саммитинин натыйжасынан кубанычтабыз
АКШнын Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри, өткөн ишемби күнү Стамбулда Сирия маселеси боюнча Россия, Түркия, Германия жана Франция жетекчилери тарабынан уюштурулган саммиттин натыйжасын жогору баалады.
Жеффри Брюсселге сапары учурунда журналисттерге интервью берип жатып, аталган саммит Сирия кризисин жөнгө салуу жолунда «алдыга ташталган маанилүү кадам» экендигин баса белгилеп: “Биз Стамбул саммитинин натыйжаларына аябай кубанычтабыз”, – деди.
АКШ дипломаты, эгерде Америка болбогондо бул натыйжага жетишүү мүмкүн болбостугун кошумчалады. Анын айтымында, Вашингтон ал жердеги катышуучулар менен байланышта болгон.
Аталган саммиттин жыйынтыгында, Россия президенти Владимир Путин, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Германия канцлери Ангела Меркелдер Сирия режимин колдоого, Сирияда ок атууну токтотууга, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн аракет кылууга, 2018-жылдын аягына чейин Сириянын жаңы конституциясын даярдоо үчүн комиссия түзүүгө жана Сирия калкына жардамды көбөйтүүгө келишип алышкан.
Хизб ут-Тахрир – Түркия маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар мырза Түркияда өткөн саммитке төмөнкүдөй баа берди:
“Эрдогандын чакыруусу менен Сириядан 3500 км алыстыктагы Путин, 4350 км аралыктагы Макрон, 3740 км аралыктагы Меркелдер Стамбулга келишти. Саммитте эмнелер талкуулангандыгы маанилүү эмес. Себеби, булар Сирия көйгөйүнө чечим бере турган мамлекеттер эмес. Негизги чечимди Сириядан 10000 км алыстыктагы АКШ берет. кыскасы, Россия да, Түркия да, Франция да, Германия да АКШнын уруксаты болбосо, Сирия маселесинде бир кадам да таштай алышпайт. Ушул себептен улам, мен саммиттен келип чыккан башка бир маселеге көңүлүңүздөрдү бурамын, байкаган болсоңуздар, мусулмандар үстүнөн согуш же тынчтык жөнүндө колонизатор кафир мамлекеттер чечим чыгарууда жана бул чечимдерди мусулмандарга тыгыштырууда. Калкы мусулман болгон мамлекеттердин башчылары болсо жөн гана күзөтүп турушат. Бул кандай гана кордук. Бул эмнеге ишара кылат билесизби? Бул мусулмандар үстүндө бир жетекчинин жоктугуна ишара кылат. Ооба, биздин Халифабыз жок. Ошондуктан, Сирия үммөттүн денесиндеги кандуу жараат болуп калууда. Сирия ынкылабы акыйкат менен батыл ортосундагы күрөш экендигине шек-күмөн жок. Бул күрөш учурунда бир нече тузактар коюлду. Эсепсиз жолугушуулар, конференциялар жана саммиттер өткөрүлдү. Стамбулда өткөрүлгөн бул саммит да ошол тузактардын бири болуп эсептелет. А бирок, алар максаттарына эч качан жете алышпайт, инша Аллах”.