Трамп Россия, Кытай жана Түндүк Корея коркунучу себептүү разведка жана тыңчылыкка жумшалуучу каражатты көбөйттү

349
0

Трамп Россия, Кытай жана Түндүк Корея коркунучу себептүү разведка жана тыңчылыкка жумшалуучу каражатты көбөйттү

АКШ президенти Дональд Трамп разведка иштери, анын ичинде, Россия, Түндүк Корея жана Кытайга каршы каратылган тыңчылык ишмердүүлүгүн каржылоо көлөмүн кескин көбөйттү. Бул тууралуу “Fox News” телеканалы АКШ коргоо министрлиги жана улуттук разведкасы тарабынан жарыя кылынган отчётторго таянып кабарлады.

Бюджеттин көбөйтүлүшү Трамптын маалыматтык согушка карата “чабуулдук мүнөздө жандашуусуна” ишара кылат. Пентагон дал ушундан келип чыгып жаңы кибер коопсуздук стратегиясын сунуштады, АКШ адилет министри болсо кибер коопсуздук боюнча, анын ичинде, маалымат чыгып кетишинин алдын алуу үчүн даректүү топ түздү.

“Өткөн жылы АКШ жарандык жана аскерий разведка операцияларына 81,5 миллиард доллар жумшалды. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчтөн 11,6%га көптүк кылат. Анын 59,4 миллиарды улуттук разведка программасына бөлүнгөн. Өткөн жылдагы цифралар менен салыштырганда, бюджет 5 миллиард долларга көбөйдү… Булардын баары АКШ инвестицияны көбөйтүү аркылуу, өзүнүн эң негизги атаандаштары менен кибер согушка даярдык көрүп жатканын көрсөтөт”, – деп айтылат маалыматта.

2016-жылдагы шайлоо кампаниясы учурунда дээрлик бардыгына шылдың болгон Трамп, Кытай разведкасы орус хакерлери сыяктуу эле олуттуу коркунуч экендигин айтып, кийинки жылы Россия президенти Владимир Путин менен “бузуп кирүү мүмкүн болбогон кибер коопсуздук бөлүмүн” түзүүнү сунуштаган. Жогорудагы каражатты көбөйтүүсү анын түрдүү ыктымалдуу коркунучтар боюнча эски тынчсызданууларын көрсөтөт.

“Разведка жана тыңчылык ишине жумшалуучу каражаттардын көбөйтүлүүсү Трамптын ыктымалдуу кибер коркунучтар боюнча узак мөөнөттүү тынчсызданууларын көрсөтүп турат”, – деп кошумчалады “Fox News”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here