АКШ БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинен чыкты

333
0

АКШ БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинен чыкты

АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө, АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыккандыгын жарыя кылды. Трамптын айтымында, мындан кийин дүйнөдөгү бардык мамлекеттер өз өлкөлөрүн өздөрү коргошу керек.

“Өткөн 20 жылдын ичинде биз 13 триллион соода дефицитине дуушар болдук. Эми дагы зыян тарта берүүгө жол бербейбиз. Мындан кийин байлыктарыбыз талап-тонолушуна эч качан жол бербейбиз. АКШ Кытай товарларына 200 миллиард доллардык кошумча бажы алымын киргизди. Урматтуу кесиптешим Си Цзиньпинге болгон урматыбыз чексиз, а бирок, соода маселеси башка. Менин эрежем боюнча, АКШ ар дайым өз кызыкчылыгын көтөрүп чыгат. Былтыр ушул трибунадан туруп сүйлөгөн сөзүмдө БУУнун Адам укуктары боюнча агенттиги бул уюмду кыжалат кылгандыгын айткан элем. Биздин БУУдагы өкүлүбүз Никки Хейли кеңири масштабдуу реформа кылуу керектигин эскерткен эле. Бирок, бул жаатта эч кандай иштер аткарылбады. Ошондуктан АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгып жатат. О.э. АКШ Эл аралык сотту колдоодон да баш тартууда. Учурда Эл аралык сот мыйзамдуулугун жоготту. АКШ америкалыктар тарабынан башкарылат. Биз глобалдашуу доктринасын четке кагабыз. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттер өз өлкөлөрүн өздөрү коргошу керек”, – деди Трамп БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here