Кыргызстанга Россиянын 50гө жакын аскерий техникасы келди
КМШ өлкөлөрүнүн “Ысык-Көл -Антитеррор-2018” машыгууларына катышуу үчүн Тывадан тоолуу мотоаткычтар бригадасынын 50гө жакын аскерий техникасы Кыргызстанга алынып келинди.
“Ысык-көл -Антитеррор-2018” эл аралык машыгууларында Борбордук аскерий округунун “Нона-СВК” өзү жүрүүчү артиллериялык комплекстери, “Тигр” брондуу автомобилдери, “Урал” жана КамАЗ жүк машиналары катышат. Аскерий техникадан шарттуу душманды жок кылуу боюнча аракеттерде пайдаланылат.
Мындан тышкары, Россия аскерлери алгачкы жолу “Искандер-М” баллистикалык ракета комплексин да Кыргызстанга жөнөттү.
Кабарда келишинче, октябрь айынын орто ченинде Кыргызстанда дагы бир – “Өз ара кызматташтык-2018” деген аталышта аскерий машыгуу болуп өтөт. Ага ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү командачылыгы жана кошуундары катышат.