АКШнын санкцияларына карабастан Кытай Россия менен кызматташтыкты улантат

328
0

АКШнын санкцияларына карабастан Кытай Россия менен кызматташтыкты улантат

Кытай Тышкы иштер министрлигин расмий өкүлү Гэнг Шуанг Кытай АКШнын санкцияларына карабастан, Россия менен стратегиялык кызматташтыкты улантарын билдирди. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.

Кытай АКШга Россия менен аскерий кызматташтыгы үчүн киргизилген санкциялар боюнча кескин мүнөздөгү билдирүү таратты.

“Кытай тарап АКШнын жаңы санкциялары боюнча катуу кыжырлануусун билдирет. АКШнын аракеттери эл аралык алакалардын негизги принциптерин одоно көрүнүштө бузду”, – деп айтты Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.

Гэнг Шуангдын айтымында, бул нерсе өз кезегинде Кытай жана АКШ куралдуу күчтөрү ортосундагы алакага зыян жеткирет.

Ал: “Биз Россия тарап менен эки өлкө жетекчилери ортосунда түзүлгөн келишимдерди ишке ашырууну улантабыз. Эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жаңы баскычка чыгарабыз”, – деди.

Бейшемби күнү Вашингтон Кытайдын Борбордук аскерий кеңешин, аскерий даярдык департаментин жана анын жетекчиси Ли Шанфты санкциялык “кара тизмеге” киргизди.

Ак үйдүн кабарына ылайык, санкциялар өткөн жылдын декабрь айында Россиядан Су-35 жана 2018-жылдын январында С-400 зениттик ракета комплекстерин сатып алууга байланыштуу киргизилди. Эки келишим АКШнын Россияга каршы санкциялары күчүнө киргенден кийин ишке ашырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here