Конашенков: Ил-20 экипажы (Израиль) себептүү кыйроого учурады

325
0

Конашенков: Ил-20 экипажы (Израиль) себептүү кыйроого учурады

 “(Израиль) учкучтары Россия самолётунун артына жашырынган абалда аны ракеталык соккуга дуушар кылган”, – деп кабарлады РФ Коргоо министрлигинин өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков.

Анын билдиришинче, 17-сентябрь күнү саат 22:00дө (Израиль) аба күчтөрүнүн төрт даана F-16 учагы Латакия шаарына жакын жердеги объекттерге чабуул кылды. Израиль учкучтары Жер Ортолук деңизи тараптан жапыз учуп бутага жакындашкан.

 “Өздөрүнүн ушул манёвру аркылуу (Израиль) учкучтары аталган аймакта болгон кемелер жана учуучу аппараттар үчүн атайылап кооптуу абал жаратышты”, – деди Конашенков.

Анын айтымында (Израиль) учактары бомба таштоочу бута Франциянын “Auvergne” фрегаты о.э. Россиянын Ил-20 учагы конуп жаткан жерге жакын болгон.

“Россия учагынын артына жашырынып алуу менен (Израиль) учкучтары аны Сирия күчтөрүнүн ракеталык соккусуна кылды. Мунун натыйжасында, F-16 учагынан бир топ көлөмдүү болгон Ил-20 учагы “С-200” ракеталарынын бутасына айланган”, – деди Конашенков.

“Израиль аба чабуулун башкаруу системасы о.э. F-16 учкучтары 5 км аралыктан төмөндөп келе жаткан Россия учагын көрбөй калышы мүмкүн эмес эле, бирок ошондой болсо да, алар ушул кыянатчыл аракетин ишке ашырды”, – деди Коргоо министрлигинин өкүлү.

 (Израиль) пландаштырылып жаткан чабуул жөнүндө Россия кошуундары командачылыгын эскертиши керек эле, бирок алар эскертишпеген. Эскертүү соккуга бир мүнөттөн азыраак убакыт калганда келип түшкөндүгү себептүү, Россия учагын кооптуу аймактан алып чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү болбогон.

“Израилдин бул аракетин душмандык аракет деп эсептейбиз. (Израиль) аскерлеринин жоопкерчиликсиз аракети себептүү Россиянын 15 аскери курман болду. Бул Россия – (Израиль) кызматташтыгы рухуна таптакыр туура келбейт. Биз буга татыктуу жооп берүү укугун өзүбүздө сактап калабыз”, – деп айтылат Коргоо министрлигинин кабарында.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here