АКШлык серепчилер: Америка оор абалга кептелип калышы мүмкүн

341
0

АКШлык серепчилер: Америка оор абалга кептелип калышы мүмкүн

Акыркы кездерде АКШ менен Кытай, Россия, Иран, Түркия жана Европа өлкөлөрү ортосунда жүз берип жаткан мамилелер себептүү Америка жакында оор абалга кептелип калышы мүмкүн. Америка саясатына сереп салып турган АКШлык эксперттер ушундай тыянак чыгарышкан.

Эксперттердин айтышынча, АКШнын Пакистан менен мамилесин кайрадан карап чыгышы жана Индия менен кызматташуусу жөн гана тандоо эмес, тескерисинче АКШ ушуга мажбур болууда. Эксперттердин билдиришинче, бул абал Трамптын туура эмес саясатынын натыйжасы.

“Афганистан маселесинде АКШ Пакистанга муктаж. АКШ өзүн бул жаатта Пакистанга жакын сезүүдө”, – деди америкалык журналист Жара Ван Дйке.

Коопсуздук боюнча адис Абдул Холик Али да АКШ Пакистан жана Индияга карата өз позициясынан баш тартууга мажбур болуп жатканын билдирди.

“АКШ Азияда көп тараптуу кырдаалга дуушар болууда. Ошондой болушуна карабастан, АКШ Кытай үчүн Индияга, Афганистан үчүн болсо Пакистанга муктаж”, – деди Али.

Ошол эле учурда БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш “The Atlantic” журналына берген интервьюсунда, дүйнөдө АКШнын таасири азайып бара жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, АКШ бул жаңы кырдаалга ылайыкташуусу керек.

БУУнун башкы катчысы: “Дүйнө чачыранды болуп кете турган абалга келип калды. Суук согуш аяктагандан бери Америка жетекчилигиндеги дүйнөлүк система эми белгисиз жана көп сандуу күчтөр таасирин өткөрө турган системага айланып барууда. АКШ бул жаңы абалга ылайыкташуусу керек”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here