Төрт республиканын дин башкармалыктары кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту
Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мусулмандарынын дин башкармалыктары кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстан муфтиятынын маалымат кызматы кабарлады.
Кабарда келишинче, бул макулдашуу Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан дин башкармалыктары ортосундагы алаканы бекемдеп, тажрыйба алмашуу. Ислам дининин баалуулуктарын жайылтууда жана Ханафий мазхабын бекемдөөдө биридиктүү иштөө, фатва, айт намаздарын белгилөө, билим берүү системасын жакшыртуу, ажылыкты уюштурууда тажрыйба бөлүшүү, Исламдагы туризм тармагын өнүктүрүү жана ортодогу достукту бекемдөөгө багытталган.