АКШнын Инжирлик авиа базасындагы ишмердүүлүгүн токтотуу ниети жок

346
0

АКШнын Инжирлик авиа базасындагы ишмердүүлүгүн токтотуу ниети жок

АКШ күчтөрү Түркияда жайгашкан Инжирлик авиа базасындагы аскерий ишмердүүлүгүн токтотууну пландаштырган жок. Бул тууралуу Пентагондун маалымат катчысы Эрик Бахон билдирди.

“АКШ Түркиядагы ишмердүүлүгүн токтотпойт. АКШ ондогон жылдардан бери Инжирлик авиа базасынан пайдаланып келет. НАТОдогу союздашы болгон Түркия жардамында  ишмердүүлүгүн мындан ары да улантат”, – деди Эрик Бахон.

Пентагондун маалымат катчысы Түркияны “террорчу” уюмдарга каршы күрөшүү үчүн эл аралык коалициядагы АКШнын туруктуу өнөктөшү катары сыпаттады. Эрик Бахондун айтымында, Инжирлик аркылуу ишке ашырылган операциялар учурунда АКШ менен Түркия ортосунда координация болот.

Кабарда келишинче, АКШ күчтөрүнүн Инжирлик базасынан Грециядагы аскерий базаларга көчүп өтүшү жөнүндө тараган маалыматтар Пентагонду ушул билдирүүнү таратууга мажбур кылган.

Буга чейин АКШ гезити Вашингтон менен Анкара ортосундагы мамиле тууралуу жазып, жүз берип жаткан кескиндик себептүү АКШ өз аскерлерин Түркиянын Инжирлик базасынан Грециянын жаңы базасына алып чыгууну пландаштырып жатканы жана АКШ расмийлери Греция өкмөтү менен грек базаларынан пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу кабар тараткан эле.

Туркистон:

Эрдоган АКШга каршы жомокторду айтып отура бербестен, жок эле дегенде ушул базаны жаап койгондо, анын Америкага каршы амбициялары жасалма эместигине балким ишенип калар белек!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here