АКШ Скрипалдар себептүү Россияга өтө катуу санкцияларды убада кылды
“АКШ Британиянын Солсбери шаарында “Новичок” деген нервди шал кылуучу химиялык заттан пайдаланганы себептүү Россияга каршы “өтө катуу” экинчи санкциялар топтомун киргизмекчи. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын жардамчысы Маниша Сингх 13-сентябр күнү билдирди”, – деп жазды “Bloomberg”.
Анда келишинче, Москва химиялык куралга байланышы бар объекттерди текшерүүгө уруксат берген эмес жана мындан кийин алардан пайдаланбастык тууралуу кепилдик да берген эмес. Санкциялар ноябрь айында күчүнө кирет жана банктар, коргонуу максатындагы товарларды сатып алуу о.э. каржылык жардамдарга тиешелүү болот.
АКШнын Россияга каршы жаңы санкциялар топтому 27-августта күчүнө кирген. Анда мамлекеттик департамент Россиянын мамлекеттик компанияларына америкалык курал-жарак менен эки багыттуу продукцияларды экспорттоого тыюу салган. Мындан сырткары, бардык америкалык мекемелер россиялыктарга насыя берүү (бардык түрүнө), насыя кепилдиги сыяктуу финансылык колдоо көрсөтпөй турган болду. Ошол эле учурда «улуттук коопсуздук кызыкчылыгы үчүн» космос тармагындагы кызматташтыкка чек коюлган эмес.