Түркиянын “Маариф” фонду Кыргызстанда иштей баштайт

300
0

Түркиянын “Маариф” фонду Кыргызстанда иштей баштайт

Түркиянын билим берүү фонду “Маариф” фонду жакын арада Кыргызстанда иштей баштайт. Бул тууралуу Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат билдирди.

Фырат Түркия президенти Режеп Эрдогандын Кыргызстанга 3 күндүк сапарынын жыйынтыгы  тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анын маалымат жыйынында айтышынча, Анкара менен Бишкектин мамилелери түрк тилдүү эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан да тереңдетүүгө шарт түзүүчү жаңы баскычка өтүүдө.

Фырат “Маариф” фонду Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн 1-баскычында Бишкекте өз мектебин ача тургандыгын билдирди.

 “Бардык облустарда “Маариф” фондуна таандык мектептерди ачкандай деңгээлге жетебиз. Биз буларды жаңы мектептерди куруу менен да, ошол эле маалда “Себаттын” мектептерин өткөрүп алуу менен ал мекемелерди өнүктүрүп, дагы жакшыртабыз”, – деди элчи.

О.э. түрк мектептери Кыргызстан Билим берүү министрлигинин программаларын эсепке алуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзө тургандыгын кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here