Путин, Эрдоган жана Роухани Идлибдин тагдырын чечүүдө

349
0

Путин, Эрдоган жана Роухани Идлибдин тагдырын чечүүдө

7-сентябрь күнү Тегерандагы саммитте Россия, Иран жана Түркиянын президенттери Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып көрүшөт. Башар Асад армиясы Россия жана Ирандын көмөгү менен аталган аймакка бастырып кирүүгө даярданууда, Түркия болсо бул аскерий операцияны баштоого каршы чыгууда.

Учурда Башар Асаддын аскерлери Ефраттын батышында жайгашкан, оппозициянын көзөмөлүндө турган бул акыркы аймакка жакындап келүүдө. Мындан эки апта мурда чабуул башталары жөнүндө кабарлар тараган. Бирок, бул кандуу операция азырынча баштала элек. Эксперттердин айтымында, буга Түркиянын позициясы себеп болууда.

Идлиб провинциясы Сириянын түндүк-батышында жайгашкан жана Түркия менен чектешет. Түркия, Иран жана Россия ортосунда 2017-жылы сентябрь айында түзүлгөн келишимге ылайык, Түркия аталган аймактагы коопсуздук үчүн кепил болуп тандалган. Ошондо Сириянын башка аймактарындагы оппозициячылар үй-бүлөсү менен ушул аймакка көчүрүлө баштаган.

2017-жылы белгиленген төрт деэскалация зонасынын үчөөсүндө Башар Асад армиясы көзөмөл орнотуп болду, бүгүнкү күндө бир гана Идлиб оппозициянын колунда турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here