Назарбаев: Казакстан Борбор Азия жана Афганистанда коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурууда

341
0

Назарбаев: Казакстан Борбор Азия жана Афганистанда коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурууда

Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары Афганистанда тезирээк тынчтыкка жетүүнүн жана мамлекеттеги абалды жакшыртуунун тарапкери. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаевдин “Афганистанда кыз-келиндердин укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген аталыштагы конференциянын катышуучуларына кайрылуусунда айтылган. Ал кайрылууну мамлекеттик катчы Гулшара Абдыкаликова окуп берди.

 Назарбаев кайрылуусунда: “Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары, бүтүндөй эл аралык коомчулуктуун активдүү колдоосу менен Борбор Азия жана Афганистанда коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурууда. Бул жараянда Афганистанда кыз-келиндердин укук жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү өтө маанилүү. Афган өкмөтүнүнүн аялдардын абалын жакшыртуу жанан гендердик тең укукту камсыздоо боюнча  аракеттерин жогору баалайбыз о.э. афган жеринде тезирээк тынчтык орношунун тарапкерибиз. Бул нерсе “афгандар үчүн жана афгандардын өз күчтөрү менен» концепциясы аркылуу ишке ашырылышы керек”, – деген.

Анын айтымында, бул жааттагы иштердин маанилүүсү – жарандык коом, бул тармакта эл аралык иш-аракеттердин эң алдында турган эл аралык, аймактык жана улуттук бейөкмөт уюмдардын мүмкүнчүлүгүнөн активдүү пайдалануу.

 “Ушуга байланыштуу, мисалы, бүгүнкү конференция сыяктуу эл аралык аянтчалар учурдагы иштердин эң маанилүү маселелерин талкуулоо боюнча эл аралык коомчулуктун иш-аракеттерин бириктирет. Бүгүнкү конференция Афганистанды өнүктүрүү жана реабилитациялоого, афган кыз-келиндеринин абалын жакшыртууга, алардын мамлекеттеги саясий, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө аралашуусун кеңейтүүгө кошумча түрткү болот деп ишенем”, – деген Назарбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here