АКШ Пакистанга кыянат кылды
Пакистандын борбору Исламабад шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берген Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши АКШ Пакистанга төлөөдөн баш тарткан 300 миллион доллардык коргонуу каражаты боюнча маалымат берди. Бул жардамга келген акча эместигин, башкача айтканда, терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн коалицияга кошулган мамлекеттерге бөлүнгөн фонддон келүүчү акча экендигин билдирген Куреши бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен сүйлөшө тургандыгын билдирди.
Куреши терроризмге (Исламга) каршы күрөш кызматташтыкта ишке ашырылышы керектигин белгилеп, Пакистан өз мойнундагы милдетти ашыгы менен аткаргандыгын билдирди.
“Пакистан терроризмге каршы күрөш учурунда көптөгөн курмандыктарды берди, аябай көп акча сарптады. Вашингтон бербеген акчаларды өзүбүздүн жаныбыздан жумшадык. Эми АКШ бул акчаны коалицияны колдоп-кубаттоо фондунан төлөп бериши керек”, – деди Куреши.
Белгилүү болгондой, Пентагон терроризмге каршы күрөштө Пакистан ийгиликке жетишпегендигин жана айрым террордук топтор үчүн коопсуз мекен болгондугун шылтоолоп, Пакистанга акча берүүнү токтотуу чечимин кабыл алды. Трамп админстрациясы буга чейин да Пакистанга берилүүчү 255 миллион доллардык аскерий жардамды токтоткон эле.
А бирок, Пакистан өкмөтү АКШнын талаптарына ылайык террорго каршы күрөшүү шылтоосунда бейкүнөө мусулмандарга зулум кылуу, адам уурдоо жана акыйкатсыздык менен камакка алууну камтыган зомбулук саясатын токтотподу. 2012-жылы разведкалык күчтөр ишке ашырган операцияда Хизб ут-Тахрирдин Пакистандагы расмий сүйлөөчүсү Навид Батт уурдалган. Навид Баттын тагдыры ошондон бери белгисиз.
Жакында эле Пакистан коопсуздук күчтөрү төрт баланын энеси жана белгилүү исламий мектеп окутуучусу Романа Хусайнды үйүнөн уурдап кетишти. Андан эки аптадан кийин т.а. 2018-жыл, 13-август күнү эртелеп доктор Рошандын үйүнө бастырып кирген коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери аны өмүрлүк жолдошу менен бирге уурдап кетишти. Доктор Рошан Карачидеги мусулман жамааттар арасында пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Рошид Халифалыкты тикелөө жөнүндөгү даъват жана билдирүүлөрү менен белгилүү болгон адам эле.