Трамп: Россиядан санкцияларды алуу үчүн шарттарым бар

377
0

Трамп: Россиядан санкцияларды алуу үчүн шарттарым бар

АКШ президенти Дональд Трамп 20-август күнү “Reuters” агенттигине берген интервьюсунда Россияга киргизилген санкцияларды алуу маселесин карап чыгышы мүмкүн экендигин айтты. Ал үчүн Россия анын шарттарына көнүшү керек.

Анын айтышынча, бул шарттар – Москванын Сирия жана Украина маселесинде Вашингтон менен кызматташуусу.

 Трамп Владимир Путин менен жолугушууда санкция маселеси сүйлөшүлбөгөндүгүн билдирип: “Эгерде алар биздин  пайдабызга бирер нерсе кылышса, мен бул маселени крап чыгамын. Болбосо, андай кылуу ниетим жок”, – деди.

8-август күнү АКШнын мамлекеттик департаменти Британиянын Солсбери шаарында Россиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизе турганын жарыялаган. Жаңы санкциялар бүгүн,  22-августтан баштап күчүнө кирет. Лондон менен Вашингтон Скрипалдардын ууланышында  Москваны айыптап келет.

Туркистон:

Дүйнөлүк башкаруу системасынын жетекчилери бири-бири менен күрөшүүдө. Бир караганда бул бизге (үчүнчү дүйнө өкүлдөрүнө) тиешеси жок, бизге эч кандай терс таасирин тийгизбей турган, тескерисинче кафирлер бири-бирин алдан тайдырып жаткан пайдалуу согуштай болуп көрүнөт. Бирок, ири дүйнөлүк жетекчи мамлекеттер ортосундагы ар бир кагышуу, негедир биз үчүн өтө кооптуу жана өтө чоң зыяндар менен коштолууда! Мунун себеби эмнеде?

Учурдагы дүйнөлүк жетекчи мамлекеттерге назар салалы: Алар өздөрүнүн ички ресурс жана мүмкүнчүлүктөрү менен азыркыдай деңгээлде жашай алышпайт. Башкача айтканда, баскынчылык кылып, колония өлкөлөрдү талап-тоноп, аларды агрардык мамлекетке айландырып алышпаганда, колонияларын табигый ресурстардан сырьё катары гана пайдалана ала турган шарттарга кириптер кылып, сырьёлорду алар гана иштетип, кайрадан өзүбүзгө кымбат баага сата турган глобалдык системаны жаратып алышпаганда, алардын жашоо деңгээли биздикинен төмөн болмок.

Демек, негизи алар бири-бири менен бизди (колония мамлекеттер жана сырьё ресурстарын) талашып жатышат. Аныгыраагы, алар пайдаланып жаткан биздеги кызыкчылыктарды бири-биринен тартып алуу максатында, саясий жана экономикалык жактан күрөшүп жатышат.

 Бул кызыкчылыктар эки түрдүү болот: Алар өздөштүрүп  жаткан ички дүң продукциялары (ИДП). Буга алар бизден алып кетип жаткан нефть жана башка сырьёлорду кайрадан иштетүүдөн табылган кирешелер, алар аркылуу өнүгүп бара жаткан инфраструктура о.э. жарандарынын жашоо деңгээлин өнүктүрүп жатканы жана бардык кызмат көрсөтүү тармагынын өсүп барышы кирет.  О.э. тышкы өлкөлөрдө жайгашкан аларга караштуу тышкы кирешелер. Бул байлыктын түрүнө бардык тышкарыда жайгашкан аларга тиешелүү болгон кызыкчылыктар кирет. Башкача айтканда, биздин өлклөрүбүздөгү алардын жеке менчик же биргелешкен ишканалары, өндүрүш жабдыктарын берүү менен же келишимдер негизинде басып алынган табигый ресурстар о.э. тышкарыда кызмат көрсөтүп, мамлекетине пайда алып келип жаткан бардык адамдар жана ишканалар кирет. Алардагы мына ушул ИДП жана тышкы кирешелер өсүп барышы колония өлкөлөрдөн мүмкүн болушунча көбүрөөк сырьё жана башка кызыкчылыктарды ээлеп турушуна байланыштуу. Ошондуктан, алардын бири-бири менен болуп жаткан ар кандай күрөшү колония талашуу жана дүйнөдөгү табигый ресурстардан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдалануу үчүн болууда.

О.э. алар бири-бири менен ар кандай күрөшкө киришкенде, бул күрөштөн биз (колония мамлекеттер) көп зыян тартабыз. Себеби, алардын чыгымдары да биздин мойнубузда. Жалпысынан алганда, өнүккөн куфр дүйнөсүнүн жашоо деңгээлин ушул абалда кармап туруу, алардын бири-бири менен, же болбосо биригип алып мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан согуштарынын чыгымдары, яхудий вужуду жана Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөргө жыл сайын миллиарддаган доллардык жардам берип туруу сыяктуу кафирлердин стратегиялык кызыкчылыктары да биздин мойнубузда. Түркия Сириядагы согушта куфр дүйнөсүнө материалдык жана моралдык жардам берип келе жаткан болсо, Саудия мамлекети бул согушту каражат менен толук камсыздады. Бул ачык кыянат болсо, мындан тышкары биз куфр дүйнөсүнө сырьё жана энергетикалык ресурстарды жеткирип берүү менен о.э. аларга өз өлкөлөрүбүздөгү (Кумтөр кени сыяктуу) өтө пайдалуу стратегиялык аймактарды берүү менен өзүбүзгө каршы күрөшүүсү үчүн каржылык жардам берип, аларга шарттарды түзүп берип жатабыз. Демек, куфр дүйнөсү биздин жардамыбыз менен Сирияны урандыга айлантты. Палестина жана Афганистанда зулумду улантууда.

Эгерде биз аларга жем болбогонубузда, алар бири-бири менен аскерий, саясий, экономикалык ал тургай сакафий жактан күрөшө алышпайт эле! АКШнын Россияга каршы экономикалык согушу кыргызстандык мигранттарга жана алардан которулуп жаткан акчаларга күчтүү сокку болушу мүмкүн. Себеби, Россиянын кулап барышы, ага экономикалык жактан байланып калган кичине мамлекеттерге да катуу таасирин тийгизет.

Кыргызстан да Россиядан алыстоого мажбур болот. Себеби, жогоруда Трамп Россияны колония мамлекет экенин ачык жарыя кылууга чакырууда. Бул болсо, Россия жасалма дүйнөлүк жетекчи мамлекет экендигин ачыкка чыгарат. Эми ал өзүнүн ички проблемалары менен болуп, Орто Азия мамлекеттеринин проблемаларын чече албай калды. Ошондуктан, АКШнын ага каршы экономикалык күрөшү биздин да финансылык жана экономикалык проблемаларыбыз күчөшүнө алып барат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here