АКШ: Сирия маселеси Женевада гана чечилет
АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Хизер Науерт бүгүнкү маалымат жыйынында, Сирия маселеси Женева сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилишин баса белгиледи.
“Эч нерсе Женеванын ордун баса албайт. Бул биз үчүн Женева жараянына байланыштуулукту тастыктоо үчүн бир мисал жана себеп. Биз Женева жараянын, Сирия кризисинин узак мөөнөттүү саясий чечимине алып бара турган о.э. ишке ашырылышы мүмкүн болгон жападан-жалгыз жол катары көрөбүз”, – деди Науерт.
Науерттин билдиришинче, АКШ админстрациясы БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын аракеттерин колдоп-кубаттайт. Ал АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео бүгүн Мистура менен жолугушкандыгын да кошумчалады.
Негизи, Астана жана Сочи сүйлөшүүлөрү да АКШ тарабынан көтөрүп чыгылган “Женева сүйлөшүүлөрү” үчүн чөйрө даярдоо болуп эсептелет. Астана сүйлөшүүлөрүндө негизги ролду ойноп жаткан үч мамлекеттин бири болгон Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу 2018-жылдын башында берген билдирүүсүндө, БУУ башчылыгындагы Женева жараяны Сириядагы кризиске туруктуу саясий чечим табуу борбору экендигин, Астана жана Сочи сүйлөшүүлөрү болсо Женева жараянын колдоп-кубаттоо жана толтуруу платформалары экендигин баса белгилеген. Бул маселе боюнча Россия да кудум ушундай пикир билдирип, Женевага ишара кылган эле.