Түркияга С-400 качан жеткирип берилиши кабарланды

391
0

Түркияга С-400 качан жеткирип берилиши кабарланды

“Россия С-400 зениттик ракета комплексин Түркияга жеткирип берүү келишимин 2019-жылы ишке ашыра баштайт. Бул тууралуу “Рособоронэкспорт”тун жетекчиси Александр Михеев билдирди”, – деп кабарлады РИА “Новости”.

 “С-400 Түркияга. Келишим белгиленген мөөнөттө ишке ашырылат. Биз 2019-жылы келишимди ишке ашыра баштайбыз”, – деди ал.

Буга чейин, Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Россиянын С-400 зениттик ракета комплекси кампаларда эле сакталбастыгын, керек болгон учурда колдонулушун билдирген.

Мындан тышкары Түркия өкмөтүнүн өкүлдөрү билдиргендей, АКШнын санкциялар аркылуу коркутуусуна карабастан, алар С-400 комплекстери боюнча келишимден баш тартпайт.

Вашингтондун билдиришинче, Түркиянын С-400дү сатып алышы “Түркия менен АКШ ортосундагы эки тараптуу алакаларга зыянын тийгизет”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here