Өзбекстан менен Тажикстан стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлду
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон расмий сапар менен Ташкентке келди. Аны аэропорттон Шавкат Мирзиёев өзү тосуп алды. Бул сапар Тажикстан президентинин Өзбекстанга акыркы 20 жыл ичиндеги алгачкы сапары болду.
Өзбекстан Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда эки тараптуу кызматташтыктын узак жана туруктуу багыттарын камтыган Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлду.
Эмомали Рахмон менен Шавхат Мирзиёевдин тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулары өзбек президентинин “Көксарай” резиденциясында өттү. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында өндүрүш, чек ара, билим берүү, айыл чарба, маданий жана башка чөйрөдөгү кызматташтыкты камтыган 27 документке кол коюлду.
Андан тышкары, Өзбекстандын Сурхандарыя жана Тажикстандын Хатлон, Өзбекстандын Самарканд жана Тажикстандын Согди облустарынын ортосунда өз ара соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык келишимдерге кол коюлду.
Тажикстан президентинин мамлекеттик сапары уланууда.