Жээнбеков Кыргызстан ким менен дос болорун билдирди

389
0

Жээнбеков Кыргызстан ким менен дос болорун билдирди

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан кошуна өлкөлөр менен, анын ичинде Россия менен достук алакаларга өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди. Бул тууралуу “Спутник Кыргызстан” кабарлады.

 13-августта Жээнбеков Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке төрагалык кылды.

Президент жыйында сүйлөгөн сөзүндө дүйнөдө Кыргызстанга таасир эткен олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып өттү.

 Жээнбеков: “Биз коңшу өлкөлөр, анын ичинде стратегиялык өнөктөш Россия менен болгон достук мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мындан ары дагы ЕАЭБ, ШКУ жана ЖККУга мүчө өлкөлөр менен ар тараптуу кызматташууну бекемдей беребиз”, – деди.

Анын айтымында, Кыргызстан башка мамлекеттер менен да мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылат.

 “Биз Кытай менен болгон мамилени стратегиялык деңгээлге жеткире алдык. Эми мындан ары Түркия, Япония, Түштүк Корея, АКШ жана Евробиримдиктеги өлкөлөр менен болгон мамилени бекемдөөгө аракет жасайбыз. Биз эл аралык өнөктөштөргө, анын ичинде БУУга өзгөчө көңүл бурабыз”, – деди президент.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here