Казакстан: Каспий деңизинин жээгинде аймагы болбогон мамлекеттин деңиз үстүндө базасы болбойт

539
0

Казакстан: Каспий деңизинин жээгинде аймагы болбогон мамлекеттин деңиз үстүндө базасы болбойт

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Каспий деңизи аймагында АКШга тиешелүү аскерий база куруу планы жөнүндөгү сөздөрдү четке какты. Анын айтымында, бул тууралуу эч кандай долбоор түзүлгөн эмес.

Абдрахмановдун билдиришинче, Каспий деңизи жээгинде аймагы болбогон эч бир мамлекеттин деңиз үстүндө да аскерий күчү болбойт. Бул тууралуу Актау шаарында болуп өткөн саммитте кол коюлушу пландаштырылган келишимде көрсөтүлгөн.

Ал: “Каспий деңизинде АКШнын же башка мамлекеттин аскерий базасын куруу жөнүндө сөз болгон эмес”, – деди.

Кремль тараптан берилген билдирүүдө, 1996-жылдан бери иштелип жаткан Каспий деңизинин макамы боюнча келишимге, Казакстандын Актау шаарында кол коюлары кабарланган.

О.э. Кайрат Абрахмановдун билдиришинче,  АКШнын Казакстан аркылуу өтүп жаткан аскерий эмес жүктөрү жөнүндө маалымат каражаттары жана башка уюмдар тараткан маалыматтар да негизсиз. АКШнын жүктөрү Казакстандын темир жолу аркылуу Афганистанга өтүүдө.

“Афганистан өкмөтүн колдоо максатындагы опреацияларды улантуу үчүн Казакстандын темир жолу аркылуу аскерий болбогон жүк алып өтүү жөнүндө сөз болууда. Бул болсо, эл аралык коомчулук үчүн зарыл нерсе. Ал эми, Каспий деңизинде аскерий база түзүү жөнүндө сөз болгон эмес”, – деди Казакстандын тышкы иштер министри.

Абдрахманов аталган жүк бир нече мамлекеттер аркылуу өтүшүн жана кудум ушундай эле жүк 2010-2015-жылдарда Россия, Казакстан жана Өзбекстанга да жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here