“Талибан” делегациясы Өзбекстанга келди

424
0

Талибанделегациясы Өзбекстанга келди

Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги “Талибан” кыймылы делегациясынын Ташкентке сапары аяктаганы тууралуу маалымат берди. Аталган делегация Афганистандагы кырдаалды талкуулоо үчүн “Талибандын” расмий өкүлчүлүгү жайгашкан Катардан учуп келген эле. Талиптер менен сүйлөшүүлөр тууралуу кеңири ачыкталбады о.э. натыйжасы да жарыя кылынбады. А бирок, бул жолугушуулардын өзүн тарыхий деп атоого болот. “Талибандын” өкүлдөрү Ташкентке Акыркы жолу 1999-жылы келген эле.

 “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Ташкентте 4 күн болушту. Алар Ташкентке 7-августта келишип, 10-августта кайтып кетишкен. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 11-август күнү кабарлады.

 Кабарда: “Талибан кыймылынын делегациясы Тышкы иштер министрлигинде кабыл алынды. Жолугушууда Афганистанда тынчтык орнотуу жараянынын келечеги боюнча пикир алмашылды”, – деп айтылат.

Делегацияга “Талибан” кыймылынын Доха шаарындагы саясий кеңсесинин башчысы Шер Мухаммад Аббас Станикзай башчылык кылды. Регион боюнча эксперттердин пикиринде, Катардагы офис акыркы учурларда бир нече фракцияларга бөлүнүп кеткен кыймылдын бир бөлүгүнүн гана кызыкчылыктарын чагылдырат.

 Белгилүү болгондой, март айында Ташкентте “Тынчтык жараяны, коопсуздук тармагында кызматташтык жана аймактык өнөктөштүк” темасындагы эл аралык конференция болуп өткөн эле. Аталган конференция жаңы президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери тышкы саясаттагы эң ири окуя болду. А бирок, ал конференцияга “Талибан”кыймылынын өкүлдөрү катышпаган.

Эл аралык конференциянын катышуучулары “Ташкент декларациясын” кабыл алышып, Афганистан маселесин чечүүдө биргеликте аракет кылуу зарыл экендигин белгилешкен. Тараптар “Талибандын” өкүлдөрүн расмий Кабул менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырышкан.

Кийинчерээк, июнь айында Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги “Талибан” кыймылы менен алака орнотулганы тууралуу кабарлады.

 “Ташкент конференциясынын катышуучулары позициясын бириктирүүнү ишке ашыруу максатында өзбек тарап “Талибан” кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен тийиштүү алакаларды орнотуп, өткөрүлгөн жолугушууларда Афганистанда узак мөөнөттүү тынчтык жана туруктуулук орнотуу о.э. аны экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн диалог жана кызматташтыктын келечеги талкууланды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Туркистон: 

АКШнын Афганистанга согуш ачуудан көздөгөн негизги максаттарынын бири, Борбор Азия өлкөлөрүнүн нефть жана башка байлыктарын Афганистан аркылуу Азия жана Европа базарларына алып чыгууга шарт түзүү болчу. Бирок, АКШ Афганистанда мусулмандардан жеңилип, максатына жете албады. Эми башкача жол менен т.а. мусулмандар кызыкчылыгын «Талибан» аркылуу чечип алмакчы болууда. Ал үчүн Талибанды жана ал көзөмөлдөгөн аймактарды таанып, бул аймактардан пайдаланганы үчүн Талибанды материалдык жактан колдоп турууга убада берет. Англистер кудум ушундай жол менен Американы индеецтерден тартып алган эле. Т.а. АКШ «Талибан» жана башка исламий жамааттарга ишенбейт. Ошондуктан, стратегиялык жактан өтө маанилүү болгон темир жол өткөн аймактарды өзү коргошу керектигин шарт кылып коёт. Бул шарт ага ушул аймактын инфраструктурасын өз колуна алуу о.э. убакыт өтүшү менен бүтүндөй регионду өз таасири астына алып, жарандарды исламий басымдарга (Талибан өкүмдөрүнө) каршы багыттоо кубатын берет.

Афганистандын ички инфраструктурасына Өзбекстандын кошкон салымы өтө чоң. Ошондуктан, АКШ талиптер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө дал ушул Өзбекстанды көпүрө катары пайдаланмакчы болууда. Ал үчүн Өзбекстан мамлекетинин динге жана диний эркиндиктерге болгон мамилесин өзгөртүү керек. Себеби, «Талибан» Өзбекстан мамлекети менен келишим түзүп жатып ыңгайсыз абалда калбашы керек! Жок эле дегенде, дүйнөлүк коомчулук алдында, жасалма болсо да, диний мухит көрүнүп турушу керек. Антпесе, «Талибан» Өзбекстан менен кызматташа албайт.

Тыянак кылып айтканда, АКШ Борбор Азияны Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарларга алып чыгуу менен экономикалык жана саясий кызыкчылыктарга ээ болмокчу. Бул долбоор ишке ашса, АКШ бүтүндөй аймакты Россиянын экономикалык таасиринен алып чыга алат. Себеби, бул долбоор дүйнөгө Россия аркылуу гана чыгышы мүмкүн болгон багыттарга альтернативалык жол болуп, Борбор Азияны Россия жана Кытайдын экономикалык колониясынан чыгарып жибере алышы мүмкүн. Т.а. бул долбоор АКШ үчүн экономикалык жана саясий кызыкчылык алып келиши мүмкүн болгон маанилүү долбоорлордон болуп эсептелет. Бирок, Россия да муну түшүнүп турат. Демек, ал да региондо бирер фитна уюштуруу жөнүндө ойлойт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here