Хизб ут-Тахрир – Пакистан: Демократияны четке кагып, Халифалыкты тикелегиле!
Хизб ут-Тахрир – Пакистан вилаяты 25-июлдагы шайлоонун алдында күчтүү кампания баштаган. Аталган кампанияны өткөрүүдөн көздөлгөн негизги максат, демократияны жок кылуу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөөгө чакыруу. Хизб ут-Тахрир ушул темада Пакистанда баракчаларды таратты, калкка кайрылуу жолдоду жана коомдук жайларга баннерлерди жайгаштырды.
Хизб ут-Тахрир – Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү тарабынан берилген билдирүүдө “жаман болсо да учурдагы бийликке добуш бербесек, мунун ордуна мындан да жаманыраагы келет” деген сөздөргө төмөнкүдөй раддия берилди:
“Кичине коррупцияга добуш бербестик чоң коррупцияга жол ачат” деген сөзгө келсек, “чоң кумарпоздорго жол бербестик үчүн өзүбүз кумар ойношубуз керек” деп айта алабызбы? Же “эки жамандын жеңилин тандоону” шылтоолоп, “эки чөйчөк арак ичүүнүн ордуна бир чөйчөк ичүү керек” деп айта алабызбы?
Демократия Аллах Субханаху ва Таала түшүрбөгөн башкаруу формасы. Аллах мусулмандарга демократия менен башкарууну эле эмес, ага ишенүүнү да арам кылды.
Аллах Субханаху айтат:
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَنْ يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَنْ يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَنْ يُضِلَّهُمْ ضَلالا بَعِيدًا
“Эй Мухаммад), өэдөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) жана сенден мурунку нерселерге ыйман келтирген деп эсептей турган (айрым) адамдардын шайтанга өкүм сурап барууну каалап жатышкандыктарын көрбөдүңбү? Акыйкатта болсо, аларга ага ишенбөө буйрулган эле. (Анткени), шайтан аларды жолдон бүтүндөй азгырууну каалайт. [4:60]
Куран жана Сүннөттүн ордуна көпчүлүктүн талабына ылайык өкмөттү башкара турган адамга добуш берүү өтө чоң күнөө. Калктын каалоо жана талаптарына карабастан, Аллахтын мыйзамдары менен өкүм жүргүзө турган Халифаны шайлоо мусулмандардын милдети.
Демократияны четке каккыла, Халифалыкты тикелегиле. Демократияга добуш бербегиле, себеби, демократияга добуш берүү күнөө.