Гутерреш: Бюджетибиз түгөнүп барууда

470
0

Гутерреш: Бюджетибиз түгөнүп барууда

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш БУУга мүчө мамлекеттерге жана БУУнун кызматкерлерине жолдогон катында БУУнун бюджети түгөнүп бара жатканын билдирип, уюмдагы бюджет таңкыстыгы проблемасына көңүлдү бурду.

Гутерреш БУУ бюджетинин 139 миллиард доллардык дефицити боюнча тынчсыздануусун билдирип: “Жылдын бул мезгилинде бюджетибиз эч качан мынчалык төмөнкү көрсөткүчтө болгон эмес, жалпы кырдаал бизди өтө тынчсыздандырууда. Акчабыз түгөнүп барууда”, – деп эскертти.

Чыгымдарды азайтуу менен чара көрүшүн билдирген Гутерреш: “БУУ сыяктуу бир уюм бюджет таңкыстыгын башынан өткөрүшү мүмкүн эмес. Мындан да жаманы, жардамга муктаж болгондордун чакырыгына жооп бербестигибиз”, – деди.

Гутеррештин маалымат катчысы Стефан Дужаррик болсо журналисттерге берген билдирүүсүндө БУУга мүчө 193 мамлекеттен 112си гана жылдык төлөмдөрдү төлөгөндүгүн билдирди.

“БУУнун ичиндеги каржылык проблемалар, мүчө мамлекеттердин төлөмдөрдү кечиктиришинен же дагы эле төлөй электигинен келип чыгууда”, – деди Дужаррик.

БУУга төлөмүн төлөбөгөн мамлекеттер арасында уюмга эң чоң каржылык жардам көрсөтүп келген АКШ да бар. БУУнун 5,4 миллиард доллардык жалпы бюджетинин 22 пайызын АКШ камсыздайт.

БУУну админстративдик жана бюджеттик маселелеринде реформа кылуу керектигин тез-тез кайталаган жана “бюджетке адилеттүүлүк” кылууну кайталап келе жаткан Трамп өкмөтү 2018-2019-жылдары БУУнун бюджетине өткөрүлүүчү акчадан 285 миллион доллар азайтуу боюнча чечим кабыл алган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here