АКШ Украинага 250 миллон доллардык жардам берет

371
0

АКШ Украинага 250 миллон доллардык жардам берет

АКШ сенаты мамлекеттин коргонуу бюджетин кабыл алды, анда Украинага мамлекеттин коргонуу жөндөмүн жогорулатуу үчүн 250 миллион доллардык жардам берүү каралган. Бул тууралуу, Украинанын АКШдагы элчиканасынын Facebook’тагы баракчасында кабарланган.

 “Документте, Украинага кибер чабуулдардан коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү, мамлекеттик органдардын компьютердик тармактары коопсуздугун камсыздоо, Россиянын маалымат жана коммуникация технологияларына болгон көз карандылыкты азайтуу жана маалымат алмашуу программаларында катышуу жаатында Украинага жардам берүү көздөлгөн”, – деп айтылат дипломатиялык мекеменин маалыматында.

2019-жыл үчүн Американын коргонуу бюджетин өткөн аптада АКШ Өкүлдөр палатасы жактырган эле. Эми ага мамлекет башчы кол коюшу керек.

2018-жылы Украина АКШ, Литва, Британия жана Канададан 40 миллион доллардан ашуун суммага аскерий учактар жана курал-жарактарды кабыл алган.

Россия Украинага курал-жарак берилиши Донбасстагы жаңжалдардын күчөшүнө алып барышын белгилеп, бул жаатта бир нече жолу эскерткен. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага тышкарыдан курал берилиши Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууга о.э. Минск келишимдерин аткарууга тоскоолдук кыларын көп жолу кайталаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here