Россия менен Кытай биргелешкен космостук станция курушу мүмкүн

392
0
Shenzhou 9 spacecraft rocket launches from the Jiuquan Satellite Launch Center in Jiuquan, China, Saturday, June 16, 2012. China sent its first woman and two other astronauts into space Saturday to work on a temporary space station for about a week, in a key step toward becoming only the third nation to set up a permanent base in orbit. (AP Photo/Ng Han Guan)

Россия менен Кытай биргелешкен космостук станция курушу мүмкүн

Кытай космостук кеңсесинин өкүлдөрү “Роскосмос” менен биргеликте орбиталык станция куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Бул тууралуу РИА “Новости” агенттиги ракета-космостук өнөржайындагы булакка таянып кабарлады.

Анын айтымында, Кытай тарапты Россиянын узак мөөнөттүү космотук учуулары о.э. ири космостук обьекттерди куруу тажрыйбасы кызыктырууда.

Кытай жакынкы жылдарда көп модулдуу ири космостук станция курууну пландаштырууда. Мындан тышкары, Кытайда бир катар зарыл технологиялар жок.

Буга чейин, Роскосмос жана Кытай улуттук космостук кеңсеси Айды изилдөө долбоору боюнча жана биргелешкен орбиталык топторду түзүүдө кызматташтыкты кеңейтүүгө келишип алганы кабарланган.

Кытай 2011-жылы “Тянгун-1” космостук станциясын орбитага чыгаруу менен СССР жана АКШдан кийинки үчүнчү өлкө болуп калды.

Туркистон:

Россия-Кытай кызматташтыгы башталууда. Т.а. Россиянын мүмкүнчүлүк жана ресурстары Кытайдын каржылык мүмкүнчүлүктөрү менен биригүү жараяны башталууда. Бул абал албетте Американы тынчсыздандырат. Себеби, СССРди кулатып, Россияны бүгүнкүдөй тышкы мамлекеттерге муктаж абалга алып келгендер АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттери болчу. Эми анын түшүмүн Кытай жыйнап алууга киришти. Бул нерсе эл аралык саясий абалга таасир өткөрө турган алака болуп, АКШ буга каршы бирер чара табууга аракет кылат. Анын аракеттери болсо, дүйнөлүк фитналар, согуш, колонияларына таасир өткөрүү аракеттери, жасалма исламий кооп-коркунучтарды пайда кылуу жана башка ушул сыяктуу ыплас ыкмалар менен ишке ашат. Т.а. акырындык менен жүрүп жаткан ушул иштер олуттуу түс алып, күчөп кетиши күтүлөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here