بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроо-жооб
Таштап кетүүчүлөр жана нусраттын кечигиши тууралуу
Суроо: Эгер суроо аярлуу болсо алдын ала үзүр сурайм. Айрыкча суроонун экинчи жактамасы. Бирок, бул нерсе көптөн бери жүрөктү өйүп келген. Эгер, жооб болсо жакшы. Эгер, жооб болбосо ал деле жакшы. Менимче суралуучу суроочуга караганда абалды жакшы түшүнүнөт жана ага карата ылайыктуу жооб бере алат деп ойлойм. Менин суроом эки жактамадан:
Биринчи: Хизбдин түзүлгөнүнөн 60 жылдан ашык убакыт өттү. Ал дагы эле эч бир жамаат кездешпеген кыйын абалда даават иштерин алып барып жатат. Анын кээ бир жигитери бул дааваттын оор жүгүн көтөрө албай Хизбди таштап чыгып кетип жатышат… Эмне үчүн алардын абалы үйрөнүлүп чыгып, аларга карата жардам көргөзүлбөй жатат. Тескерисинче аларга карата «тынч эмес» позицияда мамиле кылынууда
Экинчи: ушунча узак жылдардан бери көздөлгөн максатка жетпей жаткандык нусрат талап кылуу толук түрдө өз көрүнүшүндө болбой жаткандыкты түшүндүрбөйбү?
Суроонун башында айтып өткөнүмдү дагы кайталайм, эгер сурооом аярлуу болсо, айрыкча экинчи суроо… эгер жооб берилсе жакшы, жооб берилбесе деле капа болбойм. Мен суроо узатып жатам, менин Хизбке болгон мамилем абдан жакшы, анын фикрат жана тарыйкатын туура деп билем. Мен бул суроону бергенимдеги максат фитна козгоону эмес, туурасын билип алууну көздөдүм. Аллах кыянатчыны да, ичте эмне сакталганын да билүүчү. Ассаламу алайкум рахматулоохи уа баракаатуху.
Жооб: Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Ооба, экинчи суроо аярлуу суроолордон. Эгер, ылайыктуу оорун болсо суроого жооб да берилбейт. Акыйкат ээлери кайсы жерде болбосун аларды куугунтуктап жаткан тогут заалымдарды Аллах кор кылсын. Ал заалымдар бул кылган иштери менен маашырланышууда.
Акыйкатка чакырган Пайгамбарлардын, соолихтердин жолу баардык доорлордо тогут заалымдар менен торолгон. Бирок акыйкат такыбалардыкы.
Бизге бул кыястагы суроо мурда да берилген. Бирок, ал суроо бизге, Исламга кек душмандык кылган акыйкатты билүү үчүн эмес, инсандардан болгон шайтандарга кызмат кылуу, болбогон дүйнө матасына азгырылып фитна козгоо максатында кылгандар тарабынан берилген. Биз аларга жооп берген эмес элек. Анткени, алар акыйкаты билүү үчүн эмес, фитна козгоо максатында сурашкан эле, андайларга туура жооп да пайда бербейт. Ошондуктан, алардын суроосуна назар да салган эмеспиз.
Бирок, сенин суроо беришиңде акыйкатты билүү үчүн болуп жаткандыгын байкадым. Ошондуктан, сенин сурооңо жооп берүүнү туура көрдүм. Айрыкча, аярлуу болгон экинчи суроого майда баратына чейин кирип отурбастан түшүнөөрлүк деңгээлде жооп берүүнү туура көрдүм, Ин шаа Аллах. Аллах топук берүүчү:
1 – Биринчи суроого жооб:
Сенин сурооңдо келген «тынч эмес» позицияда дегениң тунук эмес болуп калыптыр, эгер сенин мындагы максатың Хизбден жаман кылган иштери себебтүү четтетилип аларга көңүл бурулабай калгандарды максат кылды деп түшүнө турган болсом. Ушундай түшүнүү туура болсо, анда анын баяны төмөнкүдөй:
Биз хизб жигитинин өзүндөгү бир кырдаалга байланыштуу дааватын оор жүгүн көтөрө албай калыштыгын караштырабыз. Айрыкча даават сыноо артынан сыноолорго тушугуп жаткан учурда. Чындыгында кээ бир учурларда Аллахтын ыраазылыгынан дүйнө матасын жогору коюп, дааватын оор жүгүн кээ бир хизб жигиттери көтөрө албай анын алдында алсыздык кылып калган учурлар кездешет. Эгер мындай жигиттерден эмне үчүн Хизбди таштадың деп суралганда, ал өзүндөгү кырдаалга байланыштуу даават жүгүн көтөрө албадым, бирок аны Аллахтын жардамы менен жеңип өтүп кайрадан хизбке кайтууга аракет кылам деп жооп берсе… анын абалы караштырылат. Аны менен болгон жакшы алаканы улантабыз. Аллах аны туура жолго хидаятташын, кол куушуруп отуруп күнөө тапкандан көрө даават жүгүн кайрадан көтөрүшүн жеңил кылуусун Аллахтан сурайбыз. Аллахтын жардамы менен жакшы иштер жамандыктарды кетирет.
Ал эми «Хизбден чететилген кээ бир адамдарга көңүл бурулбастан сырта калтырылыгандарга» келсек. Сенин сурооңдогу «тынч эмес» абалда калтырылгандар. Алар дүйнө матасын Аллахтын ыраазылыгынан жогору коюп, даават жүгүн көтөрө албай алсыздык кылганына Аллахтан кечирим сурап тобоо кылгандын оордуна кол куушуруп отургандыктарын актоо максатында Хизбке жана анын жетекчилигине карата куру дооматтарды артышат. Аллахтын шариятын улуу күнөөлөрдөн болгон жалганчылыкты кесип кылышат. Муслим риваятында: Аъмаш бин Шакиик Абдуллоодон риват кылат. Айтты: Пайгамбар ﷺ айтты:
«…وَإِيَّاكُمْ وَالْكَذِبَ فَإِنَّ الْكَذِبَ يَهْدِي إِلَى الْفُجُورِ وَإِنَّ الْفُجُورَ يَهْدِي إِلَى النَّارِ وَمَا يَزَالُ الرَّجُلُ يَكْذِبُ وَيَتَحَرَّى الْكَذِبَ حَتَّى يُكْتَبَ عِنْدَ اللهِ كَذَّابًا»
«… Жалганчылыктан сактангыла. Жалган фаажырлыкка (күнөөкөрлүккө) жетелейт. Фаажырлык тозокко жетелейт. Адам Аллахтын алдында жалганчы деп жазылып калганга чейин дайым жалган айтат жана жалганчылыкты кесип кылат». Ушуга карабастан, алар жалган айтып куру дооматтарды артышат. Кале берсе, алар жалганды айтып таратуу менен маашырланышат. Ал тургай куру доомат жалгандар менен Хизбди каралай турган сайттарды да ачып алышкан. Мына ушундайларды кылган жаман иштери себебтүү Хизб көңүл сыртында калтырып аларага назар да салбайт.
Ал эми чынын айтып, өзүндөгү кырдаалга байланыштуу даават жүгүн көтөрө албай Аллахтын ыраазылыгынын оордуна дүйнө матасын жогору коюп алып жаткандарды эгер күчүбүз жетсе ал абалдан чыгарууга аракет кылып аларга жардам колун сунабыз. Мен сага өзүм күбө болгон окуяны айтып өтүүнү эп көрдүм.
Мен бир өлкөдө масуул болуп турганымды Аллах ага ырайым кылсын экинчи амирибиз келип Хизбден чыгып кеткен бирөөнү барып зыярат кылып, аны кайра кайтаруу тууралуу сүйлөшүп келүүгө жиберди. Антени ал адам мурда жакшы иштерди кылып жүргөн аң-сезимдүү адам эле. Мен ага бардым, айттым: «Эмне үчүн Хизбке кайтпай жатасың?», Ал айтты: «Я Аба Ясин мен бул даават жүгүн көтөр алгыдай күчтүү адам эмес экенмин. Мен камалгандан бир аз күндөн кийин Хизбден чыккандыгымды айттым. Менин кудуретим бул даават жүгүн көтөрүүгө жетпестигин түшүндүм». Мен аны Хизбке кайтууга аракетимден майнап чыкпады, бирок ал Хизбди колдоп кубаттоочулардан болуп кала берди… Буга окшогон чындыкты айткандарды биз урматтайбыз жана ага карата жакшы дуа кылабыз. Ал эми, даават жүгүн көтөрө албай жаткандыгына Аллахтан кечирим сурап тобоо кылгандын оордуна өзүнүн алсыздыгына башкаларды күнөөкөр кылып даават жүгүн көтөрбөстөн өзүнүн кол куушуруп отургандыгын актагандарды, жалган эле жерден баланча масуул мага ушундай кылгандыгы себебтүү Хизбден чыгып кеттим деп Хизбке карата куру доомат арткандарга Хизб кылча да көңүл бурбайт. Мындай адамдар үзүргө татыктуу эмес. Алардын кылган жаман иштери жалгандан токуп чыккан куру дооматтары себебтүү көңүл сыртында калышат, аларга назар да салынбайт.
2 – Экинчи суроого жооб:
Жооб берүүдөн мурда Пайгамбар ﷺдын нусрат талаб кылган кээ бир окуяларын айтып өтүүнү туура көрдүм:
Пайгамбар ﷺга даават иштеринде тирек болгон момундардын энеси Хадича розияллоху анха жана Курайш мушриктеринен коргоп келген Пайгамбар ﷺдын абасы Абу Талиб кайтыш болгондон кийин бул учур биъсаттын (Пайгамбарлыктын) онунчу жылына туура келди. Бул жыл кайгы жылы деп да аталып калды. Мындан кийин Аллах Өз элчисин эки улуу иш менен кубаттады. Исроо Мээраж жана нусрат талаб кылууга уруксаттын берилиши… Пайгамбар ﷺ нусратты ондон ашык жолу талап кылды, Сакииф, Бани Аамир, Бани Шайбаан, Бани Ханиифа… ж.б.. Алардын бири да Пайгамбар ﷺга жооп беришпеди. Тескерисинче, алардын кээ бирлери Пайгамбар ﷺга карата жаман ирээтте жооп беришти, ал тургай алар ал затты таш бараң кылгандыгы себебтүү Пайгамбар ﷺ каны кепичине толду… Кийин Пайгамбар ﷺ Мусабды розияллоху анхуну Мадинага жиберди. Аллах ага Мадинаны фатх кылды, кубат ээлери болгон Мадинанын эли анын чакырыгына жооп берип, ажылык убагында Меккеге келип экинчи акаба анташуусунда нусрат баятын беришти. Кийин Пайгамбар ﷺ Мадинага көчтү жана ал жерде мамлекет тикеледи.
Бул жерде суроо келип чыгат: Пайгамбар ﷺ нусрат талаб кылуунун жакшы өз көрүнүшүндө кылбай коюп алар ага жооп бербей коюштубу? Же Мусаб розияллоху анху Пайгамбар ﷺдан да нусрат талаб кылууну жакшы өз көрүнүшүндө кылгандыгы себебтүү ага жооп бериштиби? Жооб албетте жок. Анткени, андай болушу мүмкүн эмес. Анткени, Пайгамбар ﷺ даават алып баруунун устаты эле. Ар бир нерсенин ишке аша турган убагы бар:
﴿إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا﴾
«Албетте Аллах Өзү (каалаган) ишине жетүүчү. Чындыгында, Аллах бардык нерсе үчүн өлчөө белгилеп койгон» [65:3]
Эй бир тууганым, биз Пайгамбар ﷺды ээрчийбиз. Нусратты да талаб кылабыз. Күчүбүздүн жетишинче аны туура өз көрүнүшүндө кылууга аракет кылабыз. Ар бир иште Аллахка тобокел кылабыз. Аллахтын жардамы менен ар бир иш өз көрүнүшүндө ишке ашышына кадыржам болуу үчүн аны дыкаттык менен караштырып чыгабыз.
Бирок, бул жолдо жүрүүдө акылыбыз жана жүрөгүбүз эки нерсеге байланган:
Биринчиси, Халифалыкты тикелөө иши канчалык жогору алып барылбасын Улуу, Кудуреттүү, Күчтүү Аллах гана анын качан жана кайсы жерде турарын белгилейт.
Экинчи, Аллахтын сүннөтүнө ылайык Халифалык кол куушуруп отурган жалкоолордун колу менен тикеленбейт. Асмандан периштелер да түшүп биздин оордубузга аны тикелеп койбойт. Аллахтын жардамы менен ал чын ыклас менен даават жүгүн көтөргөн момундардын колу менен тикелеленет. Эгер, Аллах аларга нусраты тездетсе алар шугур кылуучулардан болушат. Эгер, кечиктирсе кол куушуруп отуруп калбастан, сабыр кылып Аллахтын рахматынан үмүт үзүшпөй аракет кылышат… Аларга өлүм келгенге чейин ушул абалда иш кылышат.
Корутунду:
- Нусрат талап кылуу жакшы өз көрүнүшүндө кылынбай жаткандыктан ал кечигип жатат дегендик туура эмес. Пайгамбар ﷺ ондон ашык жолу нусрат талап кылды, ага жооп беришпеди. Ал аны эң жакшы көрүнүштө кылган, андан да жакшы көрүнүшү бул дүйнөдө жок. Мусаб розияллоху анху Пайгамбар ﷺдай эң жакшы көрүнүштө нусрат талап кыла алган жок, бирок ага жооп беришти. Ошондуктан, ар бир иштин өз мөөнөтү бар.
- Биз Аллахтын жардамы менен ар ишти өз көрүнүшүндө туура кылууга аракет кылабыз. Улуу кадыр Зат бул улуу ишти бизден мурдагыларга ишке ашырып бергендей, бизге ишке ашырышына кадыржамбыз.
﴿وَاذْكُرُوا إِذْ أَنْتُمْ قَلِيلٌ مُسْتَضْعَفُونَ فِي الْأَرْضِ تَخَافُونَ أَنْ يَتَخَطَّفَكُمُ النَّاسُ فَآوَاكُمْ وَأَيَّدَكُمْ بِنَصْرِهِ وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ﴾
«Эстегиле силер аз алсыз элеңер адамдардын силерге кол салышына коркот элеңер. Аллах силерди Өз коргоосуна алып Өз нусраты менен күчтөндүрдү. Жакшы нерселер менен ырысыкыландырды. Билким шүгүр кыларсыңар!» [8:26]
Аллах Өз коргоосуна эле албастан, нусраты менен күчтөндүрөт жана жакшы ырыскы( олжолор) менен ырыскыландырат. Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун.
Сөз аягында суроо берүүчүгө салам айтам жана ага жакшылыктарды тилеп дуа кылам.
11-шаввал, 1439-х.
24-июнь, 2018-м.