ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери АКШнын аракеттерин каралады

350
0

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери АКШнын аракеттерин каралады

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери деңгээлинде кабыл алынган билдирүүдө келишинче, министрликтердин башчылары АКШ жетекчилигинин иш-аракеттерине нааразы болушууда. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлаган.

 “Күчөп бара жаткан тынчсызданууга орто жана жакынкы аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишими ишине пайда болгон коркунучтар себеп болууда. Алар бул келишимди аткарбастыкка тиешелүү бир катар проблемаларга чечим табылбаганы себептүү келип чыгууда. Айрыкча, бул АКШнын анык аскерий программаларына тиешелүү, алар келишим боюнча милдеттенмелерди эсепке албастан ишке ашырылууда о.э. ракета буталары жана сокку берүүчү учкучсуз учактар, жерде жайгаштырылуучу универсалдык ракета учуруу комплекстерин иштеп чыгуу о.э. жайгаштырууну өз ичине алат. О.э. орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишими боюнча тыюу салынган, аралыгы 500 дөн 5500 километрге чейинки болгон жерде жайгашуучу мобилдик ракета комплексин жаратуу боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер тынчсызданууга себеп болууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

ЖККУдан билдиргендей, Белорусия, Казакстан жана Россия “келишимдеги тараптар катары, бул келишимди аткаруу позициясын бекем карманып турушат”.

Туркистон: 

Россия Орто Азияны саясий жана аскерий карама-каршылыктар борборуна айландырууга аракет кылууда. Буга АКШнын Борбор Азияга – Афганистандагы “ИШИМ” коркунучун шылтоолоп – аскерий аралашууну күчөтүү максатындагы стратегиялык аракеттери себеп болду. Негизи, бул аракеттер Кытайды Борбор Азия тараптан тизгиндеп туруу максатында башталгандыгына карабастан, Россия бул кырдаалдан өз позициясын жана таасир кубатын оңдоп алууда пайдаланып калмакчы болууда. Анын бул позициясы Кытайга туура келишин эсепке алсак, ал Кытай менен саясий жана экономикалык алаканы дагы да күчөтүп, Батыш дүйнөсү Россияга каршы ишке ашырып жаткан экономикалык жана саясий блокада абалынан кутулуп алмакчы болууда.

Борбор Азияга келсек, Путин аны өз режимин сактап калуу максатында, керек болсо аскерий полигон кылып жиберүүгө да даяр! Россия менен Кытайдын  ЖККУга мүчө мамлекеттерди өз максаттары жолунда аракетке мажбурлай баштаганы пикирибизге далил боло алат. Россия АКШны Борбор Азия маселесинде аны менен келишип иш алып барууга мажбурламакчы. О.э. Борбор Азия өзүнүн таасири астында экендигине Кытайды да ынандырып, анын өзүнө карата мамилесин өзгөртүп, дагы кайрадан мурунку стратегиялык кызматташтык жагын тикелеп алмакчы. Бирок, Борбор Азия үчүн бул кооптуу аракеттерден пайда жок. Т.а. эл аралык саясатта жүрүп жаткан бул сыяктуу эки тараптын ортосуна түшүп, бир тараптын кызыкчылыгын коргоо туура эмес. Бул өтө коркунучтуу жана кооптуу саясат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here