Аалымдын дүйнөдөн кайтканы 7 айдан кийин белгилүү болду
Чыгыш Түркстандагы Хотан районунун белгилүү аалымы 86 жаштагы Абдулахад Махдум 2016-жылдан бери абакта эле. Ал 7 ай мурда көз жумган экен. Бирок, анын өлүмү тууралуу эми гана белгилүү болду. Бул тууралуу “Haber 7” кабарлаган.
Бул кабарды Махдумдун жакындары да тастыктаган.
1932-жылы төрөлгөн Абдулахад Махдум 2016-жылы ооруп жаткандыгына карабастан, Кытай өкмөтүнүн кысымына учурап, камакка алынган.
Абдулахад Махдум мындан 7 ай мурда көз жумган болсо да, анын каза болгондугу бүгүнкү күнгө чейин жашырылган.
Түркстан:
Кытай өкмөтү уйгур мусулмандарын ишениминен кайтаруу, диний ибадаттардан тосуу максатында, аларга карата зулумдарын дүйнөлүк коомчулуктун, айрыкча исламий өлкөлөрдүн башчыларынын көз алдында ишке ашырып келет. Мусулман өлкөлөрдүн жетекчилери өз мойнундагы важиб милдетти унутуп койгондуктан, Кытай жана башка көптөгөн мамлекеттер Ислам динине, мусулмандарга каршы барууга батынып жатышат.
Өзгөчө Кытай өкмөтү мусулмандарга каршы зулум кылууда чектен чыгып кетти. Мушрик өкмөт уйгур мусулмандарга Рамазан айында орозо кармоого, балдарына исламий ат коюп, исламий тарбия берүүгө тыюу салганы жетишпегендей, мусулмандарга чочконун этин жедирип, спирттик ичимдиктерди ичирип, эркек-аялдарды кучакташтырып вальска түшүүгө мажбурлады. Нажас Хань кытайлары болсо ар айда 3-4 күн мусулмандар үй бүлөсүндө бирге жашап, аларга Кытай гимнин жана кытай тилин үйрөтө башташты. Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен жүз миңдеген мусулмандар “саясий тарбия берүү” лагерлерине жөнөтүлдү. Аталган лагерлерде мусулмандарга “улуттук сырларды” кандай сактоо керектиги о.э. “мусулман болбостук” үйрөтүлүүдө. Зулумдар астында шейит болгон мусулмандар туурасындагы кабарлар жашыруун сакталууда…
Боордоштор, дубалар кабыл боло турган улуу Рамазан айында турабыз. Ушул учурдан пайдаланып, Чыгыш Түркстан, Бирма, Сирия жана башка көптөгөн өлкөлөрдө зулум көрүп жаткан мусулмандардын акысына дуба кылып, Аллахтан нусрат сурап, бизди Халифалык мамлекети менен азиз кылышын сурайлы. Анткени, бардык исламий өлкөлөрдөгү мусулмандардын коопсуздугу жана акы-укуктарын бир гана Халифалык мамлекети камсыздай алат. Мына ошондо гана мусулмандар эч кимден тартынбастан, бүткүл ааламдын Жаратуучусу болгон Аллах Тааланын бардык буйруктарын аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Өз кезегинде биз дуба кылып, Аллах Тааладан ушундай зулумдар астында көз жумган Абдулахад Махдум боордошубузду Өз рахматына алышын, күнөөлөрүн магфират кылып, Кыямат күнү пайгамбалар, сыддыктар жана шейиттер менен бирге кылышын сурап калабыз.