Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери Душанбеде жолугушту
Кыргызстан премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу маектешти.
Эки тараптуу жолугушуу 31-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан КМШ премьер-министрлери кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болуп өттү.
Кабарда келишинче, Кыргызстандын премьер-министри өткөн 2017-жыл кыргыз-өзбек мамилесиндеги ийгиликтүү жылдардан болгондугун баса белгилеген.
“Мамлекет башчылары биздин алдыбызга жыл соңуна дейре товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына жеткирүү максатын койду. Буга байланыштуу товар жүгүртүү деңгээлине түздөн-түз таасирин тийгизүүчү өлкөлөр ортосундагы чектеш сооданы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет», – деген.
Мындан тышкары, Кыргызстандын чектеш облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешин жана Өзбекстандын чекеш облустарынын хокимдеринин ишин колдоого алуу жана активдештирүү зарыл экендигин баса белгилеген.