Путиндин Кытайга сапары Москвага үмүт тартуулоодо

380
0

Путиндин Кытайга сапары Москвага үмүт тартуулоодо

РФ тышкы иштер министринин орун басары Игорь Моргулов Россия президенти Владимир Путиндин Кытайга боло турган сапарына Москва өтө чоң үмүт менен карап жатканын билдирди. Моргуловдун айтымында, Путиндин июнь айында Кытайга боло турган сапары эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө чыгаруу үчүн жаңы түрткү болушунан үмүт кылынууда.

“Мурда айтып өткөнүбүздөй, эки тараптуу мамилебиздеги негизги саясий окуя – бул президент Путиндин Кытайга сапары жана ал жерде саммит болуп өтүшү”, – деди Моргулов “Россия – Кытай: жаңы кылым кызматташтыгы” деген аталыштагы эл аралык конференциянын ачылышында.

Моргуловдун айтымында, президент Владимир Путиндин июнь айында Кытайга боло турган сапарына даярдык башталган. Путин 9-10-июнь күндөрү Циндао шаарында болуп өтүүчү ШКУ өлкө башчыларынын саммитине катышат.

Игорь Моргулов эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө 2020-жылга чейин Россия менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмү 200 миллиард долларга жетиши мүмкүн экендигин айтты. Моргуловдун билдиришинче, ийгиликке жетишүүнүн негизги шарты – бул өз ара кызматташтыктын жаңы моделине өтүү жана инвестицияларды шыктандырууга таянуу.

“Белгилүү болгондой, Кытай соода-экономикалык тармакта мамлекетибиздин негизги өнөктөшү болуп эсептелет. Ошондуктан, эки өлкөнүн башчылары тарабынан белгиленген соодага тиешелүү милдеттер, ишке ашыруу мүмкүн болгон иштерден деп ойлоймун”, – деди Моргулов.

Отчёттордо келишинче, Россия менен Кытайдын ортосундагы соода балансы 2017-жылы 87 миллиард долларга барабар болгон. Россиянын Кытайга экспортунун көлөмү 39 миллиард долларга барабар болсо, Кытайдан келген импорттун көлөмү 48,4 миллиард долларга барабар болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here