Путин: Батышты кызыл сызыкты басып өтүүдөн эскертти

349
0

Путин: Батышты кызыл сызыкты басып өтүүдөн эскертти

Россия президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрүн Россия менен мамиледе “кызыл сызыктан” өтүп кетпестикке чакырды. Владимир Путин бул тууралуу Петербург эл аралык экономикалык форумунда айтып өттү.

“НАТОнун чек араларыбызга жакын орношуп алышы жетишпегендей, эртең Украинаны өздөрүнө кошуп алышы жана ал жерде кандайдыр радар же ракетадан коргонуу комплекстерин орнотушу мүмкүн деген күмөн пайда болууда”, – деди Путин бир нече массалык маалымат каражаттарына берген интервьюсунда.

Россия президенти Батыш өлкөлөрүнөн Россиянын кызыкчылыктарын сыйлоону талап кылып: “Ар бир нерсенин чеги бар да, ошондуктан кызыл сызыкты басып өтүүгө болбойт”, – деп кошумчалады.

Путиндин айтымында, Россияны түрдүү кылмыштарда айыптоо “эл аралык алакалар системасын буза турган кооптуу абалды” пайда кылат.

Владимир Путин ошондой эле Россиянын башка мамлекеттердин иштерине аралашуусу, айрыкча Британиянын Европа Союзунан чыгышы жана Испаниядагы Каталония референдумуна аралашуусу жөнүндөгү божомолдорду четке какты. Анын айтымында, бул иштер Москванын кызыкчылыктарына туура келбейт. Ал ушул маселелердеги бардык айыптоолорду “беймаанилик” деп атады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here