Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен АКШга барат
Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, президент Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трамптын чакыруусу менен 15-17-май күндөрү алгачкы жолу расмий сапар менен АКШда болот.
Жогорку даражалуу сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан жана АКШ кызматташтыгынын келечеги каралып, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылган.
О.э. Мирзиёев Вашингтондогу Конгрессте, Коргоо министрлигинде, АКШ Мамлекеттик департаментинде жана Дүйнөлүк банкта жолугушууларды өткөрөт.
Расмий сапардын жыйынтыгында эки өлкө президенттери “Өзбекстан жана АКШ стратегиялык өнөктөштүк жаңы доорунун башталышы” деп аталган биргелешкен билдирүүгө кол коюп, түрдүү тармактардагы алаканы бекемдөөчү документтер топтому кабыл алынышы күтүлүүдө.