Лавров: Россия тынчсызданууда
РФ тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сергей Лавровдун билдиришинче, Москва Жакынкы Чыгыштагы геосаясий абалды өзгөртүүгө каратылган аракеттерден тынчсызданууда. Бул Палестина проблемасын артка сүрүп коюу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
Лавров БУУнун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны боюнча координатору Николай Младенов менен жолугушуу учурунда: “Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка геосаясий картасын өзгөртүү боюнча бизди тынчсыздандырган аракеттер жүз берүүдө. Бул нерсе Палестина проблемасын артка сүрүп коюу үчүн кылынууда”, – деди.
Анын айтымында, эл аралык коомчулуктун Жакынкы Чыгыштагы бардык проблемаларды чечип, Палестина проблемасын этибарсыз калтырууга акысы жок.
Буга чейин Лавров АКШнын Иран боюнча ядролук келишимден чыгышынын натыйжалары тууралуу айткан эле.