Жонсон: НАТО Орусиянын кылган иштерине жооп берүүсүн талап кылышы керек

351
0

Жонсон: НАТО Орусиянын кылган иштерине жооп берүүсүн талап кылышы керек

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон, НАТО Орусиянын эл аралык саясатты туруксуздаштыруу аракеттерине жооп берүүсүн талап кылышы керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА “Новости” Британия ТИМинин баянатына таянып кабар таркатты.

“НАТО Солсбериде атайын кызматтын мурунку полковниги Сергей Скрипалга кол салуу болгондо тез реакция билдиргенине күбө болдук. О.э Сириядагы химиялык куралдын колдонулушуна альянс тез арада жооп берип, Британиянын жанында болду. Биз Евро биримдик менен G7нин да кудум ушундай колдоп-кубаттоосун көрдүк. Ушундай абалды сактап калышыбыз керек. Ал эми Орусияны туруксуздук чыгаруу үчүн кылган аракеттери себептүү жоопкерчиликке тартышыбыз зарыл”, – деп айтылат НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны алдында айтылган баянатта.

Бул жыйын Солсбериде болгон окуядан кийин алгачкы жолу өтүп жатат. Жолугушууда Орусия тараптан ыктымал болгон киберчабуулдар жана башка “гибриддик коркунучтар” талкууланды.

Жонсон катышкан НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу 27-апрель күнү болуп өттү.

Түркистон:

Англия, Орусиядан үмүтүн үздү. Ал Орусияны АКШга каршы дүйнөдө жападан жалгыз жетекчиликке умтулган мамлекет катары таанытып келген. Англиянын эл аралык стратегиясы, дүйнөнү БУУнун Коопсуздук кеңеши аркылуу башкарып баруу системасын сактап калуу негизине курулган. Бул үчүн ал АКШнын жеке акимдик саясатына жол бербеши керек. Тескери абалда АКШ эл аралык саясий системаны өзгөртүп, өзүнө моюн сунган Германия, Япония сыяктуу мамлекеттерден куроо менен жаңы эл аралык башкаруу системасын пайда кылып алышы мүмкүн. Ошондуктан, Англия буга чейин АКШ менен Орусиядан эл аралык саясатты тең салмактуу кармап туруу үчүн пайдаланып, ушул стратегия менен иш алып барган. Бирок, акыркы жылдарда Орусия эл аралык саясатта өз таасирин өтө тез жоготуп барууда. Ал АКШ үчүн атаандаш боло албай калды.

Кырдаалга жараша Англия өзүнүн АКШнын эл аралык саясаттагы таасирин сындыруу стратегиясын өзгөртө баштады. Ал мурун АКШны Ооганстанга алып кирип, бүткүл армиясын жеңилүүгө дуушар кылуу менен эл аралык саясий майданда аны шерменде кылган. Эми да мурункудай АКШ менен коалиция түзүп, аны Сирияга аскерий жүрүшкө үндөп барууда. Бул үчүн ал Орусиянын Сириядагы аскерий аракеттерине чектөө киргизип, же аны аймактан толук түрдө чыгарып жиберүүсү керек.

Трамп, Франция президенти Макрон менен жолукканда, Шамдан чыгып кетүү максатын билдирди. Бирок, Макрон Трамптын бул кадамына каршы позиция билдирди. Евро биримдик дагы Арабдар сыяктуу Шамда шиалардын өкүмдарлыгы күчөп баруусунан кабатырда. Демек, АКШ Орусиядан аймактагы аскерий позицияларын бошотуп барууну талап кылат. Бул аркылуу коалициянын аскерий кубатын т.а саясий жана аскерий боштуктарды өз колуна алууга мажбур болот. Ошондо Ооганстан сценарийинин жаңыдан башталышы күтүлөт. Англия мужахиддер менен жашыруун клишимдерди түзүп, аскерий согуштарга аралашпай туруп алат. Орусия болсо мужахиддерге курал сата баштайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here