АКШ: Сирия согушу биздин стратегиябызга ылайык ишке ашууда
АКШ аскер күчтөрү башкы штабынын катчысы генерал-лейтенант Кеннет Маккензи АКШ жетекчилигиндеги Сирияга карата уюштурулган чабуулда, стратегиялык өзгөрүү жасоо максат кылынбаганын билдирди. Анын айтымында, Сирия майданындагы өзгөрүүлөр АКШнын стратегиясына ылайык ишке ашууда.
Маккензи АКШнын аймактагы аскерий тармактары эч качан Орусия тараптан коркунучка дуушар болбогонун да айтып өттү. Ал “АКШ башчылыгындагы чабуул Сирия майданында эмнени өзгөртөт” деген суроого, “Бул чабуулдар Сирия согушунда стратегиялык өзгөрүү жасоо үчүн ишке ашырылган жок”,- деп жооп берди.
Түркистон:
Сириядагы акыркы аскерий аракеттер АКШнын каалоосу ишке ашып жатканын көрсөтүүдө. Тагыраагы, Сирия майданында рол ойноп жаткан мамлекеттер АКШнын стратегиясына ылайык иш алып барууда.
Бирок режимге караштуу айрым аскерий чекиттердин бутага алынышы, АКШ тарабынан рол берилген Орусиянын өз билемдик менен кылган аракеттерине жооп катары болду. Максат, Орусиянын деңгээлин көрсөтүп коюу жана аймакта кимдин сөзү өтүмдүү экенин эстетип коюу эле. Анткени, Орусиянын аскерий аралашуусу Сириядагы режимдин пайдасына чечиле баштаганда, Орусия өзүн кожоюн сезип, Америкасыз өз башынча иш кыла баштады. Сирия кризисин чечүү үчүн Путиндин Астанада, Сочиде конференцияларды уюштурушу ушул иштердин катарынан. Анткени ал аталган конференциялар аркылуу Сирияда өзүнө моюн сунган оппозиция түзмөкчү болду.
Бирок Американын максаты Сирия чечимин өз кызыкчылыгына ылайык тартипке салуу. АКШ Сирияда өзү тандаган чечимден башкасына эч качан жол бербейт. А түгүл, бул маселеде Орусиянын өзүнө шерик болушуна да ыраазы болбойт. Ушундай болгон соң, ал орустардын тизгинин тартып коюусу табигый иш болду.