Жубайр: АКШ кааласа Сирияга кошуун жиберүүгө даярбыз

328
0

Жубайр: АКШ кааласа Сирияга кошуун жиберүүгө даярбыз

АКШда чыккан “Wall Street Journal” гезити АКШ президенти Дональд Трамп админстрациясы тарабынан даярдалган “Сирия долбоорун” жарыялады. Долбоордо Сириядагы АКШ кошуундарынын ордуна араб кошуундарын жайгаштыруу каралган. Буга кошумча, Ак үй Саудия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Катардан Сирияга кошуун жиберүүдөн тышкары миллиарддаган доллар каражат талап кылган.

Саудиянын Тышкы иштер министри Адил Жубайр АКШ башчылыгындагы коалиция күчтөрүн кеңейтүү тууралуу чечим чыкса, Саудия падышалыгы Сирияга аскер жиберүүгө даяр экенин билдирди. Анын ырасташынча, Саудия учурда Вашингтон менен Чыгыш Сирияда болушу керек болгон күчтөр тууралуу сүйлөшүү алып барууда.

“АКШ менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Сирия кризиси башталгандан бери ал жерге кошуун жиберүүгө даярдыгыбызды билдирип келебиз”,- деди Жубайр.

Анын айтымында, Саудия өкмөтү алгач терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн Ислам Лигасынын атынан Сирияга кошуун жиберүү маселесин Вашингтонго сунуштаган. Бирок, Обама админстрациясы Саудиянын бул сунушун кабыл албаган.

“Биз АКШ менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүбүздө Сирияга кошуун жиберүү маселесине карата, (АКШнын экс-президенти) Барак Обамага сунушубузду билдиргенбиз. Колиция кошуундарынын бир бөлүгү катары Саудиянын да “Сирияга кошуун жиберүү” маселесин ойлоп көрүү тууралуу Обамага айтканбыз”,- деди Жубайр БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен Саудия борбору Эр-Риядда болгон жолугушууда.

Сирияга кошуун жиберүү максаты жаңы эмес экенине ишара кылган Саудия Тышкы иштер министри Ислам Лигасына кирген мамлекеттердин атынан Сирияга кошуун жөнөтүү пикирин мурда да кийин да билдирип келгенин, Обама админстрациясы бул сунушка тиешелүү чараларды кылбаганын кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here