Франция премьер министри: Биздин максатыбыз Асадды кулатуу эмес!

366
0

Франция премьер министри: Биздин максатыбыз Асадды кулатуу эмес!

Франция премьер министри Эдуар Шарл Филипп  Франциянын Сирияга сокку берүүсүнөн көздөгөн максаты Сирия режимин кулатуу же Башар Асадга каршы согуш ачуу эмес экенин билдирди. Ал Улуттук кеңештин атайын жыйынында Сирияга уюштурулган аскерий чабуул тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчы Франциянын душманы Сирия режими эмес, ИШИМ уюму экенин айтып өттү. Филипп 2003-жылы Иракка башталган аскерий жүрүш менен азыркы Сирияда ишке ашырылган аскерий жүрүштүн ортосундагы айырма ушунда экенин баса белгиледи. Анткени, 2003-жылдагы аскерий жүрүштө Саддам режимин кулатуу максат кылынган.

 “Биздин душманыбыз Асад эмес. Биз Башар Асад же Сирия режимине каршы согуш ачпадык. Режимди кулатуу ниетибиз жок. Биздин душманыбыз ИШИМ уюму”,- деди Филипп.

Анын ырасташынча, Сирияда химиялык курал иштетүү жоопсуз калса, саясий чечим табуу мүмкүн болбой калат.

Филипптин баянатынан кийин сөзгө чыккан айрым депутаттар аскерий жүрүш тууралуу өздөрүнүн кабатырлануусун айтышты. Айрым өкүлдөр болсо Түркия жана Орусия менен жаңыдан ишеничтүү мамилелерди орнотуу зарылдыгын билдирди. Республикачылардын лидери Кристиан Якоб АКШ, Франция жана Британия ишке ашырган аскерий жүрүш Францияга кандай пайда келтиргени тууралуу талкуу кылынышы зарылдыгын белгиледи.

Мындан мурун Британия өкмөт башчысы Тереза Мэй да Британиянын чабуулу Асадга каратылбаганын жана Асад режимин кулатуу ниети жоктугун билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here