Жээнбеков жаңы өкмөттү дайындады

340
0

Жээнбеков жаңы өкмөттү дайындады

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков 19-апрелде Сапар Исаковдун өкмөтүн таркатуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бир күндөн кийин башка жарлыгы менен жаңы өкмөттү дайындады.

Буга чейин 19-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары премьер министр Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин чыгарган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, 101 депутат бул чечимди колдоп, бешөө каршы добуш берген. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин оппозициялык фракциялар өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчётун уккандан кийин кабыл алып, жалпы жыйынга сунуштаган.

Эртеси күнү болсо депутаттар жалпы жыйында жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү маселесин карады. Жыйынтыгында, кезексиз отурумга катышкан 115 депутаттын баары өкмөттүн программасы менен курамын колдоп добуш беришти. Ал эми бир депутат өкмөттүн түзүмүнө каршы добуш берди.

Ошентип, президенттин биринчи жарлыгына ылайык, өкмөт башчы жана анын командасы таркатылды. Алар жаңы өкмөт дайындалганга чейин кызматын улантышты. Жарлык жарыялангандан баштап күчүнө кирди.

Экинчи жарлыктын негизинде Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы бекитилди. Муну менен президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн эки тизгин бир чылбырын колуна кармап калды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here