Эво Моралес: АКШ заманбап дүйнөнүн коркунучу
Боливия президенти Эво Моралес АКШны заманбап дүйнөнүн негизги коркунучу деп атады. Бул тууралуу РИА Новости кабар таркатты.
“Ушуну ачык айтуу керек, эркиндик, демократия а түгүл жер планетасы үчүн негизги коркунуч – АКШ. Мен бул тууралуу ачык айтуудан коркпойм”, – деди Моралес Перуда болуп өткөн Америкалыктардын саммитинде.
Буга чейин Боливия президенти АКШдан Сирияга каршы агрессияны токтотууну, Кубадан блокаданы алып таштоону, Венесуэладагы мамлекеттик төңкөрүштү колдоодон баш тартууну, Мексикага каршы чек арадагы дубал курулушун токтотууну талап кылган эле. “Америкалыктар саммити” жума күнү Лима борбору Перу шаарында башталды.
Адатта үч жылда бир жолу өткөрүлгөн жыйындын кезектеги жалпы отуруму ишемби күнү болуп өттү. Бул отурум саммит түзүлгөндөн бери сегизинчи жолу өтүп жатат. Анда негизги маселелер коррупция менен байланыштуу болду. Саммиттин темасы да “коррупцияга каршы демократиялык башкаруу жана коррупциясыз туруктуу өнүгүү” деп аталды.
Кезектеги жыйынга бир нече президенттер келбеди. АКШ президенти Дональд Трамптын ордун вице-президент Майк Пенс, Куба лидери Рауль Кастронун ордуна Тышкы иштер министри келди. Ал эми Сальвадор, Гватемала жана Парагвай жетекчилери өкүлдөрүн Перуга жөнөтүүдөн да баш тартышты.