Вашингтон Сирия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү шарттарын жарыялады
АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат кызматы Хизер Нойерт эгер Сирия өкмөтү өзүнүн кол астындагы химиялык куралдарын колдонбосо Вашингтон Дамаск менен сүйлөшүүлөргө кайтышы мүмкүн экенин билдирди.
“Эгер биздин шарттарыбыз аткарылса, мындай абал АКШны Женева сүйлөшүүлөрүнө кайтууга үндөйт”,- деди АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү “Fох Nеws” каналына берген интервьюсунда.
АКШ Коргоо министри Жеймс Маттис да АКШ, Улуу Британия жана Франция мамлекеттеринин Сирияга уюштурган кол салуусу артынан берген баянатында бүткүл дүйнөнү Женева жараянын колдоп кубаттоого чакырып өттү.
“Бул чабуул Сирия режимине каратылган. Бүткүл дүйнө БУУ астындагы Женева сүйлөшүүлөрүнө кайтып, Сирия маселесине чекит коюу үчүн тез арада жыйын өткөрүү убагы келди”,- деди Маттис.
Ушул эле учурда АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли АКШ Сириядагы өз максаттарын ишке ашырганга чейин ал жерден өз кошуундарын алып чыкпай турганын маалымдады. Хейли Орусия менен болгон мамилеге өтө кабатырланып жатканын айтып, АКШ дагы да жакшы мамилеге үмүт кылып жатканын билдирди.
Бирок, Хейлинин ырасташынча, эгер Асад акылын жыйыштырып албаса, АКШ Сирияга дагы сокку урушу мүмкүн.
«Эгер Сирия режими биздин позициябыздын туруктуулугун сынап көрө турган даражада акмак болсо, биз басымды дагы да күчөтүүгө даярбыз. Мен эртең менен АКШ президенти менен сүйлөштүм. Ал эгер Сирия режими дагы химиялык куралды ишке сала турган болсо, АКШ кайрадан чабуул кылууга даяр экенин билдирди»,- деди Хейли БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Түркистон:
Орусиянын акыркы учурда Сириядагы саясий жараяндарга өз алдынча киришип баратканы АКШнын ачуусуна тийип жаткан эле. Ал бир нече жолу “Астана”, кийин “Сочи” конференцияларын өткөрдү. Оппозициялык күчтөр менен Асад режиминин ортосундагы келишпестиктерди өзү билгендей, айрым учурда “Женева” келишимдерине тескери чечимдер менен оңдой баштады. Орусия конференциялардагы талаптарды ишке ашыруу максатында, ага өз ыктыяры же АКШнын талабы менен катышуудан баш тарткан күчтөргө каршы аскерий жана саясий басымдарды өткөрө баштады. Анын бул аракеттери, АКШнын аймакты өз кызыкчылыктары негизинде алып барып жаткан стратегиясына олуттуу карама-каршылыктарды пайда кылды. Тагыраагы, Орусия АКШ көрсөтмөлөрү менен иш алып барган согушкерлерге да абадан чабуул кыла баштады. Путиндин режими мындай иштерин “АКШ террорчуларды коргоп жатат” деп дүйнөгө жар салды. Акырында Америка буга жооп кылып Орусиянын аскерий турумдары жакын жайгашкан Асад режимин ракеталар менен бутага алды.
АКШнын көздөгөн максаты, Орусияны аймактагы аскерий жана саясий таасирин алсыратып, аны бүткул дүйнө алдында аскерий абалы алсыз экенин далилдеп коюу. Сирияны оңдоодогу бардык саясий сүйлөшүүлөрдү “Женева” конференциясына кайтаруу.