Жээнбековдун Түркиядагы сапары жыйынтыкталды, oip@adm.gov.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон расмий сапары 9-10-апрель күндөрү болуп өттү. Ал Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен тар жана кеңейтилген форматта жолукту. Тараптар энергетика, транспорт, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн аспектилерин талкуулашты.
Мамлекет башчылар товар жүгүртүүнү жылына 1 млрд долларга чейин жеткирүү үчүн тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилешти.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки өлкө ортосунда алты документке кол коюлду:
Эки өлкө жетекчиси сүйлөшүүлөрдөн кийин чогуу маалымат жыйынын өткөрүштү.
10-апрель күнү Жээнбеков Түркия премьер-министри Бинали Йылдырым менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Андан соң мамлекет башчы Түркиядагы кыргыз диаспорасы менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.
Расмий визиттин аягында Сооронбай Жээнбеков Түркия Улуттук Улуу жыйынынын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушту Жолугушууда Исмаил Кахраман, “Түркия Кыргызстан менен кызматташтыгын өнүктүрүп, колдой берет. Парламенттер аралык кызматташуу биздин өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин тереңдетүүдө өзгөчө роль ойнойт”,- деп билдирди.
Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков меймандостугу жана кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн Исмаил Кахраманга ыраазычылыгын билдирди.
“Биз парламенттик республика катары парламенттер аралык кызматташууга олуттуу маани беребиз. Түркия биз үчүн бир тууган өлкө жана ишенимдүү өнөктөш. Биздин бүгүнкү жолугушуу стратегиялык кызматташууну бекемдөөгө жана бир тууган элдердин жакындашуусуна дем берээрине ишенем”,- деди Жээнбеков.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…