Кыргызстан президенти Түркия менен Бельгияга расмий сапар менен барат
Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрелде расмий сапар менен Түркияга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Садыков билдирди.
Жээнбеков Анкарада Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым менен жолугуусу пландаштырылган. Бул сапардан максат – жогорку деңгээлдеги саясий диалогду жолго коюу жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү болуп эсептелет.
Тараптар инвестиция, коммуникация жана спорт тармагында бир катар документтерге кол коюуну мерчемдеп жатат.
Сооронбай Жээнбеков Түркиядан ары Брюсселге (Бельгия) сапар тартат. 11-12-апрель күндөрү ал Евро Биримдиктин комитеттеринин өкүлдөрү менен жолугушат. Кыргызстан Евро Биримдик менен кызматташууга маани берүүдө. Өлкө башчы ЕБ жетекчилиги менен жеке алакаларын да орнотуу ниетинде.
Учурда Кыргызстан менен ЕБнын өкүлдөрү ортосунда жаңы узак мөөнөттүү кызматташтыктын келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр алып барылууда.